Россия Думасынын депутаты Константин Затулин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата салтанатта сүйлөгөн сөзүнө жооп кайтарды.
Бул Затулиндин расмий сайтында жарыяланды.
Атамбаев анда «Россиянын Мамдумасынын депутаты Константин Затулин телеканал аркылуу кыргызстандык мигранттарга катуу чараларды көрүүгө чакырып, муну менен кыргыздар Россияда тарыхый отурукташкан элдин катарына кирбей турганын, алар бөтөн экенин билдирди», - деген мааниде сөз сүйлөгөн.
Бул маселеге жакында Санкт-Петербург шаарындагы метрону жардырууга мурдагы кыргызстандык, учурдагы Россиянын жараны шектелип кармалгандан кийин, кыргызстандык мигранттарга орусиялыктардын мамилесинин начарлашы себеп болгон.
К. Затулин президенттин сынына: «Менин айткандарымды жана аракетимди орус коомчулугунун кыргыз элине сыйлабастык мамиле жасап атканындай жана бул элдин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымын жокко чыгаргандай көрсөтүүнү каалашууда. Бул калп. Ал Кыргызстандын президентинин оозунан чыкканына карабай, калп», - деген.