- Эмир мырза, президенттик шайлоонун болоор күнү талаштуу болуп, эки ача пикир жаратып жатат. Сиздин оюңузча президенттик шайлоо кайсыл күнү өтсө, мыйзамга дал келип, Атамбаев бийликти узурпациялабай калат?

 

 - Эгерде сенде “Атамбаев бийликти узурпациялап алды” деген ой болсо, ага азыркы Акаев менен Бакиевдин түзгөн "чирип бараткан" системасы күнөөлүү. Эгерде андай деп ойлобосоң, алты жылда бийликти узурпациялабаган Атамбаев бир айда аны жасабайт. Мен үчүн Атамбаев канчалык бийликте көп отурса, ошончолук жакшы.

 

- Анткениңиз менен президенттин такта отурушуну каалабагандар четтен чыгып жатат го?

 

- Анын бийликте көп  отурганын каалабагандар мен жогоруда айткан "чириген системага" иштеп көнгөндөр. Жөнөкөй эл Атамбаевди колдойт, аны силер көрдүңөр, февралда “чоң” саясатчыны камаганда. Атамбаев “өзүм менен кошо көрө албас, эски саясатчыларды кошо ала кетем” деген. Атамбаевди мына ошолор каалабай жатышат. Алардын ким экенин айтпасам да жакшы түшүнөсүңөр.

 

- Президент жер көчкү кырсыгына кабылып, жапа чеккендерге айткан көңүл айтуусун коомчулуктун  оң-терс сынына кабылды. Бул боюнча не дейсиз?

 

- Мен президенттин көңүл айтуусун көргөн жокмун. Мүмкүн президент көңүл айтып жатып, ачуу чындыкты айткандыр. Башкача айтканда, жабыр тарткан элге капа болушунун да  жөнү бардыр. Нааразы болсо ошол "чирип бараткан" системанын өкүлдөрү нааразы болуп жатышат. Себеби, алардын колунан андан башка эчтеке келбейт. Ыңгайы келсе да, келбесе да президентке көө жабыштын айласын издешет. 

 

- Айтканыңызга ынаналы, бийлик Түлеевдин мүлктөрүн тартып алууда туура эле кадам жасадыбы же аша чаап кеттиби?

 

- Түлеевдин кайсыл мүлкү? Элден Бакиевдердин жардамы менен уурдап, тоноп алган мүлкүбү? Эгер ошону тартып алган болсо, туура эле кылган, Эмки кезек мародерлор менен рейдерлерде  болушу керек,

- Түлеевдин тагдырын дагы кимдер кайталашы мүмкүн?

 

- Эгерде Атамбаев аракет кылып түзүп жаткан система бийликке келсе анда мародер, уурулар, рейдерлердин баардыгы ошондой тагдырга туш болушат.

 

- Түлеевге жасалган орой мамиледен кийин Кыргызстандагы белдүү бизнесмендердин баары байлыгыбызды бийлик тартып алат деп кооптонуп, бизнестерин чет мамлекетке чыгарып кетпейби?

 

- Түлеев эч кандай бизнесмен эмес. Чыныгы кыргыздын бизнесмендери сырт жакка капиталын чыгарбайт. Ал эми уурулар, мародерлор, рейдерлер өзүнүн капиталдарын эл көрүп калбасын деп коркконунан сырт жакка алып кетишет.

- Бул саясаттын арты сиздин жакындарыңызды дагы чарпып өтпөйбү. Анткени, сиздин иниңизге да ичи чыкпай, “камалсын” дегендер бар го?

 

- Аны менден сурабагыла, өзүнөн сурап алгыла, Кудайдын алдында бир гана чындык бар, Ошол чындыктан тайбаш керек,

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл