ХХ-кылымдын токсонунчу жылдарындагы кайра куруу заманында баш көтөрүп, адилеттүүлүк, теңдик, көзкарандысыздык ураанын айкайлаган кыргыз жаштарынын “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанылып, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК), андан берки өлкөнү демократташтыруу процесстеринин, эки жолку элдик төңкөрүштүн активдүү катышуучусу, коомдук турмуштагы талаш-тартыш маселелерде ар дайым чындыктын, элдин кызыкчылыгын коргоо менен таанымал болгон, белгилүү коомдук ишмер Сабыр МУКАНБЕТОВ менен болгон баарлашуу салтка айланып, сандан-санга уланып бара жатат. Бүгүн дагы Сабыр байке менен коомдогу көйгөйлөрдү талкуулоону туура көрдүк. Кеп, албетте алдыдагы президенттик шайлоо, мураскер жана башка талапкерлер, коом ичиндеги биримдик, журналистер жааматындагы ынтымак тууралу болмокчу.

 

- Сабыр агай, кеп башында сиздин Коомдук каналдын Байкоочу Кеңешиндеги (БК) ишмерлигиңизден баштагым келип турат. Сиз мөөнөтүңүз бүтөөрүнө эки-үч ай калганда БКдан чыгып кеттиңиз. Бирок КТРК, анын БК тууралуу кескин сын пикирлер башталганда унчукпай отуруп алгандай болдуңуз. Сын көз менен карап, нааразы болуп чыгып кеткенден кийин аягына чейин катуу турушуңуз керек эмес беле? Эмне үчүн КТРКнын акыркы кездеги чектен чыккан каралоолоруна, бир жактуулугуна ундөбөй отурасыз?

 

- Төрт жылдан ашык КТРКнын БКсында колумдан келген аракеттерди кылып, каналдын накта коомдук болушуна салымымды кошуп келдим. Аягында БК таптакыр алсырап, жыйыныбыздын күн тартибин беките албай калган деңгээлге жетти. Башкача айтканда биз, БК өлдүк. КТРКнын бир беткей, карандай калпты шыпыртып жатканына тоскоол боло албай калганыбызды, айрым мүчөлөр жеке кызыкчылыктары үчүн БКнын жыйындарына саботаж жасап, бийликтин камчысын чаап кеткенин көргөндөн кийин мен ал жерде отура албасымды түшүндүм да, кетүүнү туура көрдүм. Шүмүрөйүп Жогорку Кеңеш (ЖК) алдында тил угуп турганча, “эки күн болсо да эркин басып кеткеним артык” дедим. Анан дагы “ишенген төөңөр пок жеп калды” деп коомчулукка конгуроо какканым болду. Болбосо алгачкы үч жылда жакшы эле иштеп, эки директорду кызматтан алып, үчөөнү кызматка дайындап, жакшы эле келатканбыз. Тилеке каршы коомдогу каршылашуулар күч алган маалда, туруштук берип, акыйкаттуулукту камсыздай албай, бийликтин “камчысы” менен “прянигине” туруштук бере албай калдык. Кеткенден кийин БК тууралуу кескин сын-пикирлерге кошулбай, мурдагы коллегаларыма асылбаганым чын. Эмне дегенде, канткен күндө да төрт жылдан ашык алар менен туздаш-даамдаш болуп, ошол жылдардагы бирге жасаган алгылыктуу иштерибиздин бар экенин ичинен билген адам катары коллегаларымды сыйлаган үчүн батынган жокмун. 120 депутаттан турган ЖКны  “дудук кылып, көчүгүн кыстырып” койгон бийликтин сүрүн көрүп-билип туруп, маяна албай, коомдук башталышта иштеп жаткан БКдагы 10-15 адамга асыла берген деле туура болбой калат болуш керек. Менсиз да сындагандар жетишип жатпайбы. Ошондуктан БКны сындаган жерим жок. КТРКны кайрадан “кара жашик” атка кондурган БК эмес, Акүй, анан башын өйдө көтөрө албаган көрпенде директор  Илим Карыпбеков.

 

- Сиз, ЖМКлардын ичинде, айрыкча кыргыз гезиттеринин арасында таанымал, кадыр барктуу журналист катары белгилүүсүз. Бирок акыркы кездерде бул жааматта да кайым айтышуулар болуп, сизди трайбалист катары күнөөлөгөндөр чыкты. Мындан беш, он жыл мурун журналистер ынтымактуу болуп, бири-бирин колдоп, уюшуп, чогула калышып, көпчүлүк учурда коомдук пикирди бирге калыптандырышып, бир позицияны карманышаар эле. Азыр эмнегедир, ар кимиси ар башка саясый көз караштарды кармангандай болуп бараткандай. Натыйжада, кыргыз журналистеринин аброюна шек кетип, ынтымагы ыдырап, ар кимиси өз алдынча көрүнгөндүн ырын ырдап, ыркы кетип калгандай. Кандай себептерден улам ушундай болуп жатат?

 

- Себеп көп. Азыр экинин бири журналист болгон заман. Колунда смартфону бардын баары пикирин билдирип, таңуулап, сөгүп-сагып, поктоп, бура бастырбайт. Маалыматты сортирде отуруп каалашыңча аласың. Атаандаштык күч. Ушундай заманда атайын штат кармап, коомдогу көйгөйлөрдү тегиз чагылдырып, гезит чыгаруу оңой эмес. Бирок ошого карабастан ЖМКлар ишин улантып келе жатат. Бирок, алар финансылык жактан өтө көз каранды болгондуктан, аргасыздан ар кандай саясый күчтөргө, регионалистик, трайбалистик кландарга күнү түшүп, алардын камчысын чабууга чейин барышат. Ошондой жердешчиликти шерине кылып, ошол уюшманын туусун көтөрүп, ошол уюшмалар аркылуу пайда таап карьералык өсүш жасоодон башканы элестете албаган журналистерибиз да толтура. Ошолор ар кандай сасык саясатчылардын, трайбалистердин заказын аткарабыз деп жатып, ыркыбызды бузуп, ынтымагыбызга доо кетирип салышты. Болбосо буга чейин сен айткандай ынтымагыбыз ырас эле эмес беле.

 

- Сизди трайбалист катары “Жаңы Ордо” гезити, белгилүү журналист Бекен Назаралиев сындап чыкканы маалым. Бул сын пикирди кандай кабыл алдыңыз? Сынды моюндайсызбы? Макулсузбу?

 

- Бекен Назаралиев экөөбүз көп жылдан бери тааныш, жакшы санаалаш болуп бири-бирибизди сыйлап, аялы аркалык болгондуктан мен аны “күйөө бала” деп тамашалап келген жакшы жолдош элек. Ал трайбалистик көз караштагы санаалаштарынын тилине кирип, мага ыксыз асылып, көңүлүмдү калтырды. “Манас” аэропортунун кашындагы Дача СУ айылына учак кулап түшүп, Кыргызстандын 39 жараны набыт болгондо Медакадемиянын бир тантык кызматкери өлгөндөрдү “түштүгүндө эле жүрө беришпей биякка эмне келишет, сооп эле болуптур” дегенсип, табалап чыкты го. Анан Бекен мырза мени ошол “эл ичине жик салган, регионалчы, бөлүп-жаргыч кызга боор тарткансып сүйлодү” деп жатпайбы. Мен ал кыздын жоругун катуу сынга алганда ошол эле Бекеңдин трайбалист достору “лайк” басканы азыркыча турат го интернетте. Мен ал тентек кызды колдогон жокмун. Болгону “асып олтүрөбүз, атып өлтүрөбүз, чатын айырабыз, өлкөдөн кууп чыгабыз, өрттөйбүз” деген сөздөр кете баштаганда “о-оууй койгула, ал кыз өзү деле катасын түшүндү окшойт, өлтүрбөй эле биринчи ирет эскертүү менен чектелели, урматтуу туугандар”, деп койгонум үчүн жер жебериме жетип, жамандаганына катуу капа болдум. Трайбалист катары күнөөлөгөнү эч нерсе эмес, мени бир арсыз, намызсыз адам катары көрсөткөнгө жандалбастап, карандай калп айтканга чейин кирип, “Аслан Сартбаев (“Азия ньюс” гезитинин редактору) Сабыр Муканбетовду шакал, чөө деген ыплас сөздөр менен ашата сөгүп, атса деле анын жанында жүрөт, ары болсо кетип калбайт беле” деген пикирди коомчулукка таңуулайт. Алтымышка таяп калган кыргыздын абышкасы, сөздүн баркын биле турган, сөз баккан тармактын адамы ушинтип манипуляция кылып, кара жанын жеп атса кантип чыдап, кантип келечектен үмүт кыласың. Ооба Аслан Сартбаев мас абалында элдин көзүнчө мени сөгүп асылганы, мен маска теңелбей кетип калганым чын. Бирок андан кийин эки жылча кечирим сураганына карабай, “Азия Ньюска” барбай “Майдан” гезитинде иштеп, кийин Аслан Сартбаевдин башына күн тушүп, камакка алынганда, коллективдин өтүнүчү боюнча “Азия Ньюска” редакторлукка макул болгонумду эл билбесе да, Бекен билет эле го. Эми мындай эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлыкка жол берүү жаштардын арасында болсо да, биз сыяктуу алтымышка таяган, ак сакал болгону калгандардын арасында болбошу керек! Болбосо кыргыз ошондон ары  жок болуп кетет.  

 

- Бул чатак эмнеден улам тутанды?

 

- Ошол каран калган учак кулап, эл кырылып, тантык кыз тантырагандан башталды. Мен башында, тантык кызды эл катары сындап жаткам. Анан эле, өтө катуу, элди бөлүп жарган сөздөр айтылып, кошумча каармандардын аттары кошула баштады. Байкасам бир жактуудай сезилди. Тантык кыз аркалык экени ачыкталып, ага “Ак үй көлөч эле жыттанып калды” деген  Кемел Ашыралиевди кошуп былчылдатып киришти. Бир нерсени иликтеп көнгөн жаным Кемел аганы кошуп сындап туруп, “мындайлар бардык жакта бар” деген ойду ортого салып, түштүктөн Үсөн Сыдыков менен Надира Нарматованы (Ү.Сыдыковдун – “25 жыл аркалыктарды бийликке жолотпойбуз”, Н.Нарматова – “жалаң туштүктүктөрдү камап жатат” дегенин) мисалга салдым да балээге калдым. Жабылып интернетте трайбализмди сындап жаткандар мага жабылды. Көрсө трайбалистер түндүктөн гана болуш керек экен, сындагандар түгөл түштүктүктөр экен. Ошол ачыкталып калды. А дегенде эле адыраңдап “Жаңы Ордо” гезитинин журналисти Баяна Кулова чыкты, “Үсөн аке үчүн Сабыр Муканбетовду атка сүйрөтүп өлтүрөм” деп, аны коштогондор ого бетер талап. Кыскасы бул окуядан мен бир нерсени ачык баамдадым. Регионалчылык, бөлүп-жаруучулук, трайбалистик көз карашты жалпы кыргыз эли жактырбайт экен, ошол эле учурда бул тема боюнча активдүүлүк көргөзгөндөр түштүк тарапта көбүрөөк экен. Алар негизинен түндүктүктөрдү бөлүп-жаргыч катары айыпташып, түштүктүк регионалчыларга кир жугузбай коргоп турушаарын баамдадым.

 

Түштүк жакта өзбек калкы менен тирешип, аларды “сарт” деп келген патриот кыргыз бир боорлорубузду боорго тээп, алардын озүлөрүн “сарт” деп ойлонбой сүйлөй берген аркалыктардын айынан ушундай түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, бири-бирибизди жек көрүп жатканыбызга аркалык аталган биз тараптыктардын күнөөсү бар экенин моюндабай коё албайбыз. Бирок ошол эле учурда ушул теманы идеологияга айлантып, регионалдык саясат жүргүзүү аркылуу бийликке, байлыкка жетүүнү көздөгөн кландардын ордосу пайда болуп, ошо ордону сагаалап жан баккан ар түркүн саясатчы сөрөйлөр, жазмакерлер жүргөнү, алардын артында трайбалистик саясат аркылуу бийликке умтулган саясатчылар тураары жашыруун деле эмес. Ошондой жердештер топтолуп, жоро бозо болгон жерде регионалдык тууну көтөрүп жүргөндөр кадыр-барктуу болуп, катта устукан менен марапатталары, аларды сүрөп, шыкактап тургандар бар экени, алардын айынан айрым эси жогураактары ашынып кетип жатканы көрүнуп эле турбайбы. Ошон үчүн жанагы  эси жок карындашыбыз (интернетке жазыптыр, “апам конокко кеткенде эжем мени үбөлүк менен башка койгулап ура берчү” деп,) опурулуп, менден кийин деле трайбалистик толкунда күүлөнүп, “Тайырбек Сарпашев байкем болот, ал апапакай, ага тийишпегиле” деген сыяктуу жердешчилик, ачыктан ачык трайбалистик лозунгдарды ачык айтып, рейтинг топтогондон тартынган жери жок. Баарынан жаманы, ушундай башынан запкы чеккен немени кой деп койгонго жарабай көкүтүп, колдонуп отурган Бекен досумдун жоругу жолдо калсын!

 

- Баяна Кулова менен Надира Нарматова кандайча бул окуяга аралашып, эмне үчүн сизге асылып калды деп ойлойсуз?  

 

- Баяна өзүнөн өзү чыкты. Надираны чынын айтышым керек, радиодогу маек эске түшүп кеткенден улам мен кошуп алдым. Бирок экөө тең регионалистердин уюгунда экени бышыкталып калды. Надира Нарматова менен Баяна Кулованын “мессенжерде” мени оозго алгыс, уят сөздөр менен поктоп, сөгүп-сагып, мазактаганын көргөн адамдын оозу ачылып, булар кантип депутат, журналист болуп жүргөн деп таңданышы мүмкүн. Баянанын жазгандарын ата-энесине жөнөтөйүн деп, батынган жокмун. Надира менен “болду токтоттук” деп келишкенден кийин анын жазган уят сөздөрүн ачыкка чыгарган жокмун.  Бирок Надира сөзүнө турбай, көрүнгөнгө мени жаманаттылаганын угуп жатам. Надира “жалаң түштүктүктөрдү камап жатат деп айткам, бирок Атамбаев камап жатат деп айткан эмесмин” дегени менде сакталып турат. Бир түштүктүк аксакалга көрсөтсөм “Атамбаев камабаганда атабыздын башы камап жатабы” деп, Надиранын танганына башын чайкады.

 

- Сөз башында, бүгүнкү саясый кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу баарлашалы деген элек. Президенттик шайлоо, мураскер, талапкерлер тууралуу кеп сала кетиңиз. Мураскер ким болот деген ойдосуз?

 

- Журналистердин ыкы-чыкысынан кийин ушундай олуттуу маселеге кайрылуу да кыйын... Биз президент сунуштаган адамды өзүбүзчө эле мураскер атап алдык. “Админресурс колунда, кимди атаса, ошол өтөт”- деп эле “мураскер” деп атпайбызбы. А чындыгында ал мураскер эмес. Мураскер альтернативасыз, шайлоосуз, монархиялык бийликке мүнөздүү нерсе. Бизде Алмазбек Атамбаев көрсөткөн адам деле талапкер, үмүткөр... Эми бийликтин партиясы КСДП кимди көрсөтөөрүн  майдагы сьезди чечет деп жатышпайбы. Ошону күтө туруш керек. Негизинен талапкерлер мындайда талаадан келбейт. Фракция башчысы Иса Өмүркулов, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, экс-спикер Асылбек Жээнбеков сыяктуу КСДПнын лидерлери турбайбы, ошолордун ичинен бирөө көргөзүлсө мыйзам ченемдүү болот да. Анан эле кайдан жайдан эле Алмазбек Атамбаев бирөөнү сунуштап чыкса кандай болот? Анда беркилер “подставной” лидерлер болуп калбайбы. Мындайда партиянын кадырына доо кетет. Шашылыш түрдө аппарат жетекчиликке дайындап, президенттикке көрсөтүлөөрү айтылып жаткан Сапар Исаков тууралуу деле жакшы кептер айтылып жаткан жок. “Атайылап өтпөй турганды сунуштап, башкага жол ачуу, талапкерликти соодалоо” деген сыяктуу пикирлер чыгып, Өмүрбек Бабановго тымызын жол ачуу аракеттери катары бааланууда. Акчанын күчүнө салууну көздөгөн Бабановго деле эл ишене бербей, “чыга албайт, духу ургаачы, чыгып кетсе өлкөнү соодалап ийүүсү мүмкүн” деп чочулагандар жок эмес, ага караганда принципиалдуулугу, өз алдынчалыгы менен кепке алынган Темир Сариевдин атын атагандар арбып бара жаткандай. Жаштардан Бакыт Төрөбаев чыгып атат. “Кашаң экен, арабаны тарта албайт, отчет бералбай, өзүнөн өзү жок болот” деп жаманаттылаган Сооронбай Жээнбеков эмне болду? ЕАЭСтеги мамлекеттер ичинде дүң продукциянын өсүшү боюнча 3,5 пайыз менен алдыңкы орунду ээлеп, отчеттен кынтыксыз өтүп атса, аны кантип “сен жарабайсың” деп айта алышат? Андыктан Кудаага шүкүр! Уучубуз кур эмес, элим деп эңгирей турган азаматтар жетиштүү!

 

 

Маектешкен

Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан. kg" гезити