- Равшан мырза, “Ата Мекен” фракциясы  “президенттик шайлоо жарыяланышы керек. Болбосо Конституция бузулат” дейт. Булар туура маселе көтөрдүбү же эптеп эле президентти кызматтан эрте кетирүүнүн айласын издешип жатабы?

 

- “Ата Мекен” фракциясы мыйзамга ылайыкталган туура эле маселе көтөрдү. Себеби, алар “ноябрдын аягында шайлоо жарыялай турган болсок, президенттик шайлоо эки тур менен өтүп калса, анда президент Конституцияда белгиленген мөөнөтүнөн ашык бийликте отуруп калат”- деген маселе көтөрүп жатышат. Эгер бийлик тараптан президентти 6 жылдан ашык отургузуу аракети болсо, юридикалык тил менен айтканда, бул “бийликти узурпациялап алуу” болуп эсептелет. Ошондуктан,  “Ата Мекен” фракциясынын демилгеси саясый жактан да, конституциялык жактан да туура. Бирок, Атамбаев эле эмес, мурдагы бийликтегилер учурунда деле оппозициянын көтөргөн маселеси жөндүү болгонуна карабай, “булардын айтканы туура эмес” деген пикирди карманышчу. Башкача айтканда, “булар бийликти басып, тартып алгысы келип жатат”- деген көз карашка таяп, оппозициялык саясатчылар, партиялар туура маселе көтөрсө да эч качан кабыл алчу эмес. Ошондой эле Атамбаев жана анын  тегерегиндеги жасалма юристтери, БШК баш болуп, бул көз карашты кабыл албаганга аракет кылып, жокко чыгаруунун айласын издеп жатышат.  

 

- “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды” деген шек менен камакка алынган оппозиционерлердин алды 20, аркасы 12  жылдан кесилди. Бул нерсе эмнеден кабар берет?

 

- Ар бир бийлик бийлигин сактап калгысы келгенде же коркуп жатканда оппозициялык маанайдагы саясатчыларды болбогон шылтоолор менен камап, жасалма кылмыш иштерин козгоп, коомдогу активдүү адамдарды коркутканга аракет кылышат. Азыр дагы күнөөсү жок адамдарды соттоп жатканы - бул бийликтин агониясынын бири. Буларга чыгарган соттун чечими менен башка саясатчыларга сабак кылуунун аракетин көрүп жатышат. Маселен, Акаев Куловду, Бакиев Исмаил Исаковду, Уран Рыскуловду, Эркин Булекбаевди камаган. Дагы бир канчасы саясый кугунтукка кабылган. Бирок, мурдагы бийликтин тушунда кысымга кабылып, камакка алынганы менен бардыгы ошол бийлик кетээри менен же кеткенге чейин эле акталып чыгып кетишкен. Ошол сыяктуу саясый максатта, саясый өңүттө чампаланган кылмыш иш менен камакка алынган оппозиционер саясатчылар убагы келгенде, мүмкүн жакынкы убакта бардыгы акталып, эркиндикке чыгат.

 

- Эмне үчүн акыркы мезгилде  соттук процесстердин баары жабык эшик артында өтүп калды?

 

- Биздин бийлик саясатчыларды сатып алып, ал турсун жөнөкөй эле агенттерди жалдап, саясатчылардын арасына киргизген учурлары көп болуп жатат. Алар провокация кылып, саясатчыларды туура эмес сөздөрдү сүйлөткөнгө аракет кылышат. Ошол агенттердин бетин ачып албайлы деп  кооптонушканынан, акыркы мезгилде көпчүлүк сот процесстерин жабык артында өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Бул биринчиси. Экинчиси, жабык эшик артында мыйзамсыздыкты туу тутканга, өздөрүнүн кандайдыр бир мыйзамсыз нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле жасалма жол менен козголгон кылмыш иштерин жабык эшик артындагы өткөн сотто моюндарына да илүү оңой болот. Анткени, ал сот жабык эшик артында болбой, массалык маалымат каражаттары жана саясатчылар катышса, бийликтин чампалап козгогон кылмыш иштери ачыкка чыгып, элдин кыжырын ого бетер кайнатат. Кыскасы, акыркы мезгилдеги жабык эшик артында өтүп жаткан соттор эл аралык уюмдар айтып жаткандай Кыргызстандын авторитардык мамлекетке айлана баштаганын далилдейт.

 

- Өткөндө “УКМК биздин үй-бүлөгө кызыга баштаптыр” деген маалыматты жазган элеңиз. УКМК атаңызды неге чакырыптыр? Эмне үчүн мародёрчулукка күбө катары сураптыр?

 

- Акыркы 15 жылдын ичинде бардык бийликтер колдорунан келишинче мойнубузга бир нерсе илгенге, кайсы бир жок нерсени ойлоп тапканга же кичинекей нерсени чоң кылып көрсөткөнгө аракет кылып келе жатышат. Атам да, мен да кызматта жүргөнбүз. Кээде ката кетирип коюшубуз да мүмкүн. Анткени, баарыбыз адамбыз. Бирок, биз эч убакта маанилүү  мыйзамдарды бузган эмеспиз. Эгерде биз өзүбүздүн укукту, материалдык кызыкчылыкты коргой турган болсок, анда биз аны сөзсүз түрдө мыйзамдын негизинде коргоп келгенбиз.  Атамды да каралагылары келгенби, эмнегедир “Алиби” гезитинин айланасындагы маселеге чакырышыптыр.

 

2008-жылы “Алиби” гезитине Бакиевдер 1 миллион сом айып салган. Ал кезде оппозициялык маанайдагы жалгыз гезит болгон үчүн “кармап туралы” деген максат менен 1 миллион сомду төлөп берип, бирок атам юридикалык жактан кийин акчаны артка кайтарып алууга мүмкүнчүлүк болсун деген максатта “зацепкаларды” калтырып койгон экен. Бакиевдин бийлиги кеткенден кийин биз ошо моралдык чыгымдын баарын чогултуп, сот аркылуу Бакиевдерден мыйзамдын негизинде соттун чечими менен төлөгөн каражатты  өндүрүп алганбыз. Азыр ошол нерсенин негизинде ар нерсени ойлоп, тапканга аракет кылып жатышат окшойт. Бирок, бизде соттун чечимдери, сот процесстеринин бардык кагаздары бар. Ошондуктан, корко турган эч нерсебиз жок.

 

- Садыр Жапаровдун өмүрү коркунучта экенин эске албай кайра №1 СИЗОго камалышы  эмнеден кабар берет?

 

- Садыр Жапаровго кылмыш ишин Улуттук коопсуздук кызматы козгогон. Мыйзам боюнча Садыр Жапаровду сөзсүз түрдө УКМКнын түрмөсүнө камашы керек болчу. Бирок, аны №1 СИЗОго камашты. Анын да маанилүү себеби бар. Адатта бийлик кээ бир саясатчыларды сындыргысы, криминалдык чөйрөгө салып бергиси келсе, №1 СИЗОго камайт. Садырды дагы ошол эреже менен колдорунан келишинче ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келтирип, криминалдык чөйрөгө жем кылып бериш үчүн ошол жакка камашты.

 

- Бирок, Садыр Жапаровдон жабыр тарткан эч ким жок экен го. Каптагаев “дооматым жок” дегенине карабай камап, аны мынча неге кыйнап жатышат?

 

- Азыр Кыргызстанда бир караган да абал тынчып тургандай сезилгени менен жашыруун, көрүнбөгөн ар кандай процесстер жүрүп жатат. Социалдык оор экономикалык кризис, саясый абал, келаткан президенттик шайлоо элдин баарын өзгөчө активдүү саясатчылардын баарын кыймылдаганга  түртүп жатат. Мындай малда көрүнүктүү саясатчылардын кимиси баш көтөрө турган болсо, бийлик бардыгын саясый аренадан кетирип,  коркуткусу келет. Ошон үчүн Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду жана Сарыгуловду камаганга мажбур болуп жатышат.  Мүмкүн жакын арада дагы эки саясатчыны камашат. Бирок, бийликтин камоо ресурсу түгөнүп баратат. Анткени, саясатчылардын баарын камоо мүмкүн эмес. Бийлик мындай ыкмасы менен эртеби-кечпи Атамбаевдин өзүн түрмөгө алып келе турган жолду  тандап алды. Анткени, канчалык саясатчыларды көп камай турган болсо, саясатчыларга криминалдык басымдарды жасай турган болсо, үй-бүлөсүн коркута турган болсо,  президент Атамбаев да өзү  бийликтен кеткенден кийин “силер да ушул ыкмаларды колдоно берсеңер болот” деп өзүнө айланып келе турган эрежелерди орнотуп жатат.

 

- Мындан кийинки камоолор эмнелер менен коштолушу мүмкүн?

 

- Жогоруда айткандай, бийликтин камоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, өтө көп эмес. Кыргыз бийлигинин абалы өтө жакшы эмес. Кийинки камоолор бийликке, президентке мурдагыдан да көп зыян алып келет. Абал мындан да оорлойт. Мен дагы бир нерсени айткым келет. Атамбаевдин мураскорубу же орустар колдоо көрсөткөн азыркы талапкерлердин бирөөсү президент болсо да, мамлекетти оор социалдык абалдан, кризистен чыгара албайт. Кризис дагы беш жылга узарат. Кийинки келген президент да эч кандай маселе чече албайт. Абал мындан да оорлойт.

 

- Атамбаевдин байлыгын ачык айтканы бардык саясатчыларга үлгү болдубу?

 

- Атамбаев байлыгын көрсөтүп жатканы, ал актанып жатат. Мен Атамбаев 2003-жылы бизнесин 35 миллион долларга сатканына  ишенбейм. Анткени, 2003-жылы бир да Кыргызстандык ишкерлердин 35 миллион долларлык бизнесин сатканга экономикалык бир да негиз жок болчу. Анткени, ишкерлик 2003-жылы жаңыдан башталып келаткан. Ал убакта эмес, азыркы күндө дагы кыргыз ишкерлери 35 млн. долларлык бизнести жаратып сата албайт. Эгер 2003-жылы Атамбаев 35 миллион долларга сата турган болсо, аны сатты деп бүт кыргыз эли билмек. Анткени, Атамбаевдин мүнөзү ошондой, өзү эле айтып салмак. Текебаев Атамбаев жана анын аялына таандык банктагы эсептерди таап, айтып чыкканда актаныш үчүн жок нерсени айтып, калп айтканга мажбур болду.  Президент актанам деп дагы бир жерден ката кетирди. Ал өмүр бою президент болбойт. Эртең президенттиктен кеткенден кийин ийне-жибине чейин акчаны кайдан жыйнаганы, банктагы эсептери, 35 миллиондун калп-чыны иликтенет. Башкача айтканда, кийинки бийлик иликтегенге мүмкүнчүлүк болот. Башкача айтканда, Атамбаев өзүнө өзү каршы иштеп, келечекте кылмыш ишин даярдоого жардам берип жатат.

 

Чынайым Кутманалиева     

Булак: “Майдан.kg” гезити