Бишкек, “Саясат.kg”. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги өтүп жатат.

 

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын өтүнүчү каралары айтылууда. Алар тергөөнү дагы бир айга узартууну талап кылышууда.

 

Учурда Биринчи май райсотунун алдында жүзгө чукул адам чогулган.

 

Митингчилердин алдында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Ата Мекен” фракциясы бүгүн өкмөттүн отчетун жактырышпаганын айтты. “Өкмөттүн отчетун жактырган жокпуз. Алар белгиленген иштеринин 30 пайызын да аткарышпаптыр. Мына, Дача СУ айылында кандай кырсык болду. Бир айылдын маселесин 3 айдан бери чече албаган өкмөттү кантип жакшы иштеди деп айтабыз”,- дейт ал.

 

К.Иманалиевдин айтымында, жакында алар Россия Федерациясынын Компартиясынын лидери Геннадий Зюгановдон кат алышкан. “Ал өзүнүн катында Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевскийди шылуундук кылгандыгы үчүн партиядан чыгарышканын бизге маалымдады. Мына ушундай адамды колдонуп аткан бийликке уят. Эгерде кайсы бир мамлекетте өз атуулу менен чет өлкөлүк жаран араздашса, биринчи кезекте өз гражданинин коргоп чыгышат. Биздин бийлик гана башка мамлекеттин атуулун, болгондо да репутациясы таза эмес адамдын таламын талашып, өз атуулун, мамлекеттин өнүгүшүнө чон салым кошкон элдик саясатчыны камаганга барат. Бирок, айтып коеюн, Кыргызстандын тоосунда мындай эркин учкан бүркүттөр көп. Бийлик бүркүттүн баарын камай албайт. Аларды камап өздөрү каалагандай, сагызгандай сайратууга күчү жетпейт. Адилеттүүлүк бир күн келет”,- деди Каныбек Иманалиев.

 

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Ө.Текебаевдин камалганына 25-апрелде 2 ай болорун эске салуу менен, тергөөнү узартуу аракети – бийликтин аргасыз кадамы экенин билдирди. “Бирок, азыр бир ай узартат. Ошентип кайра-кайра эле узарта алышпайт да. Бир күнү сотко келишет. Ошондо баары бул иштин саясий буйрутма экенине далил алышат. Учурда тергөөдө жетиштүү далил жок. Буларда Маевский, Абдырахмановдун айткандарынан башка далил нерсе жок. Ошондуктан, арга жок ушул кадамга барышууда”,- деди ал.

 

Депутат Садык Шер бүгүн парадокстун апогейине жеткенибизге токтолду: “Маевскийдин “Текебаев келген, жолуккам, алган...” дегенинин баарынын таш-талканы чыкты. Көрсө чек араны өткөндө паспортко тийешелүү мөөр коюлат экен да. Өмүрбек Чиркешовичтин паспортунда Маевский айткан күндөрү Москвага баргандыгы тууралуу мөөр жок болуп жатпайбы. Текебаев менен Чотонов революция үчүн баштарын канжыгага байлап келген. Булар болбосо азыр абал кандайча болот эле? Ошол бийликтин көзүн караган депутаттар эч кимге даап сөз айта албай, боздоп, калкалаган бизнестерин ала албай олтурушмак. Мамлекетпиз, гимнибиз бар дейбиз, анын бар экенине бирден-бир салым кошкон ким эле? Эми ошол киши коррупционер болуп калдыбы? Анык кылмышкерлерди кызыл килем төшөп аэропорттон узатып жатпайбызбы! Ар-намысы бийик Текебаевди болсо ошол жактан колуна кишен салып террористтей кармашты. Ушул акыйкаттыкпы? Белгилүү даанышман айткан экен – биз элдин бир тобун кайсы бир убакка чейин алдасак болот. Бүт элди кыска убакытка чейин алдаса болот. Бирок бардык элди дайыма алдай албайбыз. Канчалык Жалаа жакты издеген телеканал – КТРди ушинтип атайм - жалаа жаппасын, кара көө шыбабасын, алтын деген алтын, мезгилдин далай жылдарында кайра жаркырап чыгып келе берет”.