С.Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка дайындалгандыгына ушул күндөрү туура бир жыл болду. Эгемендүүлүктүн 25 жылында 28-болуп өкмөттү жетектөө менен ал айрым мурдагы кесиптештеринен “рекорд” койду десек да болот.

 

Ал эми аткарган ишине кандай баа берсе болот? Ушул суроого ар ким ар кандай пикирин айтууда. Анткени жакшы баа берилген учурда күзүндөгү президенттик шайлоого катыша турган жана “№1 мураскер” катары каралган С.Жээнбековдун кадыры көтөрүлүп, тескери баа баркын түшүрүп жиберери түшүнүктүү. Бул аралыкта өкмөт башчынын парламент алдында жылдык отчетун бере турган учуру да келип калды. Анткен менен 17-апрелде парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2016-жыл үчүн отчетун көпчүлүк добуш менен канааттандырарлык деп тапты. Мисалы, орточо маяна 14 492 сомду түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 9,8%га жогорулаптыр. Бүгүн, эртең башка фракциялар да өкмөттүн отчетун талкуулап, жалпы жыйынга чыкмакчы. Алдын-ала маалыматтарга караганда, депутаттар көпчүлүк добуш менен өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп табышат окшойт. Бир чети өткөн жумада Бишкекке ЕврАзЭСтин саммитине келген Россия президенти В.Путинди С.Жээнбековдун тосуп алып, андан соң орус президенти Кыргызстандын экономикасынын 3,8%га жогорулагандыгын белгилегендиги айрым сынчылардын оозун жап кылды окшойт. Демек, президенттик “марафонго” катышууга С.Жээнбековго чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити