Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин экс-спикери: 

 

- Эгерде биз көздөгөн максатыбызга жетели десек, татыктуу талапкерди биргеликте көрсөтүшүбүз керек. Аны кантип ишке ашырабыз, бир гана биригүү жолу аркылуу жеңе алабыз. Маселен, башка мамлекеттердин тажрыйбасын алып көрсөк: Молдова, Украина, Перу сыяктуу мамлекеттерде шайлоо башкача өтөт. Эгерде бийликчил партия жеңишке жетээрине көзү жеткен болсо, оппозициялык партиялар жана күчтөр биригип туруп, бир талапкерди көрсөтүп, утушка ээ болгонго мүмкүнчүлүк бар. Бул биринчиден. Экинчиден шайлоого баарынын катышып кереги жок. Буга чейин талапкерлердин саны канча болгону баарыбызга белгилүү, бул жолу дагы талапкерлердин саны көп болот болушу керек. Көп талапкерлер болсо, бизде бул демократия деп айтылат. Жок, бул демократия эмес, ал жоопкерчиликсиздик. Анткени шайлоочулар кимди тандаарын билбей калат жана кимге добуш берээри кыйын болот. Биз талапкерди эмес, анын долбоорлорун тандасак жаңылбайбыз.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити