Темир Сариев:

 

- 2017-жылы биздин өлкө үчүн тагдыр чечүүчү жыл. Аны бир нече себеп менен түшүндүрө кетейин:

 

Биринчиден, быйыл өлкөбүздө президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоодон өлкөдөгү жакынкы жылдарга демократиянын тагдыры көз каранды. Ошондуктан, президенттик шайлоонун ачык, адилет өтүшү абдан маанилүү. Биз бийликти шайлоо жолу менен тынч бир колдон экинчи колго өткөрүшүбүз зарыл. Дал ушундай шайлоону камсыз кылсак гана өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жол ача алабыз. Ал эми шайлоодон чыр чыгып, кырдаал курчуса элибизге абдан чоӊ зыян алып келебиз. Президент Алмазбек Атамбаев “экинчи мөөнөткө барбайм, шайлоо мыйзамын өзгөртпөйм жана бийликти “мураскерге” өткөрбөйм”- деп бир нече жолу айтты. Ошондой эле ал бийлик бутагындагы дагы эки маанилүү кызмат - премьер-министрлик менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына да барбай турганын жарыялады. 


Президенттин мындай ачык позициясын адилет шайлоо өткөрүүгө жана бийликтин тынч жол менен өткөрүп беришине кепилдик катары саноого болот деп ойлойм.

 

Экинчиден, шайлоо бул жалпы жараяндын бир гана бөлүгү. Бул жаатта кийинки алты жылга бийликке ким келет, кандай программа жана команда менен келет, абдан маанилүү. Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Мисалы, экономика, социалдык тармак өкмөттүн карамагына кирет. Бирок президент күч органдары менен тышкы саясат үчүн жооп берет. Мындан сырткары, президент парламент менен өкмөт ортосундагы өз ара кызматташтыкты камсыз кылган институт катары айрым учурларда демилгени өз колуна ала алат. Бул абдан маанилүү. Ошондуктан, талапкерлердин саясий жана экономикалык платформасына олуттуу көӊүл буруу зарыл.

 

Үчүнчүдөн, талапкердин кандай программа менен шайлоого катышканы эле эмес, “бийликке келген соӊ аны аткарабы?”- деген суроо маанилүү. Башкача айтканда, келечектеги президенттин адамдык жана моралдык сапаттарына да маани беришибиз керек.


Мунун баарын, биз шайлоо менен бийликти тынч өткөрүүнү комплекстүү карап, айрым маселелерди чечиш керек болгон үчүн айтып жатам. Мен “БИЗ” деп бул жакта отурган бардык саясатчыларды атап жатам. Себеби, ар бириӊиздердин артыӊыздарда шайлоочулар, пикирлештериӊиздер бар. Мындан сырткары, өлкөдө бизсыяктуу эле ойлонгон, бир максатты көздөгөн бир нече саясий партия, коомдук уюм, жарандык лидерлер бар. Ошондуктан, өлкөдөгү демократия жана ачык шайлоонун тагдыры, жоопкерчилиги биздин моюнубузга, саясатчылар менен партиялардын моюнунда турат. Ар бир жасаган кадамыбыздын тазалыгы, ар сүйлөгөн сөзүбүз үчүн жоопкерчилик аркылуу гана аны камсыз кыла алабыз.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

Булак: “Майдан.kg” гезити