Бишкектеги Акүйдүн алдында камактагы саясатчы Текебаевдин тарапташтары кайрадан митинг өткөрүшүүдө.
Ал жерде 30 чакты жарандык активисттер, депутаттын тарапкерлери, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары чогулуп, саясатчыны камактан бошотуу талабын коюшту.
Экс-депутат Асия Сасыкбаеванын айтымында, митинг Биринчи май райондук сотунун алдында уланат.
Эске салсак, ушундай талаптар менен коштолгон митинг 20-апрелде да болгон.