Ала-Тоо аянтында адамдар топтолуп, алар саясатчы Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары экенин айтышты.
Болжол менен 200гө чамалаш адам катышкан митинг камакта саясий негизде отургандарга боштондук таап кылууга багытталды.
Чогулгандар колдоруна «Ата Мекен» партиясынын желегин көтөрүшүп, плакаттарга «Саясий негизге камакка алынгандарга боштондук» деп жазышкан.
Алар Текебаевди эркиндикке чыгарууну, же үй камагына алууну талап кылышты.
Митингчилердин арасында экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Эркингүл Иманкожоева жана учурдагы депутат Асия Сасыкбаева да жүрдү.