БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев тегерек столдо өлкөнүн президентин шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүндүгүн билдирди.
Айтымында, азыркы кырдаал президенттик шайлоонун эки турда болушун камсыздап атат.
БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да анын айтканына кошулуп, талапкерлер арасында күчтүү атаандаштык жарала турганын белгиледи.
«Бизге жыйынтык маанилүү. Жогорку добуш чогулткан татыктуу президентти шайлап алышыбыз керек. Экинчи турда тобокелчилик болушу мүмкүн»,-деди Кайрат Осмоналиев.