Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Айтымында, 2011-жылы президенттик мөөнөт алты жылга белгиленип, Конституцияга жазылган. Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессин ушул жылдын 1-декабрындагы президенттик бийлик учурдагы президенттен жаңы шайланган президентке өткөрүлүп бергендей кылып, белгилөөсү керек.
«Эгер шайлоону 19-ноябрга белгилесек, анда 1-декабрда өз милдеттерине толугу менен киришүүгө үлгүрбөйт. Ошондуктан, биз 2017-жылдын 1-декабрына легитимдүү талапкерге ээ болгудай кылып так эсептешибиз керек», - деди ал.
Ал «Ата Мекен» фракциясынын президенттик шайлоону эртелетүү тууралуу сунушу учурдагы президентке кандайдыр бир деңгээлде камкөрүү да болуп атканын белгиледи.
«Анткени, эге ржаңы президент кызматтык милдеттерине 1-декабрда кечирээк киришип кала турган болсо, анда учурдагы президентке бийликти узурпациялоо боюнча айып тагылып калышы мүмкүн. Биз чогулуп, маселени карап, бир позицияга келишибиз керек», - деп кошумчалады Журабаева.