Бүгүн Жогорку Кеңешин жыйынында, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Кыргызстандын президентин шайлоо күнүн белгилөөнү эртелетүү керек деген сунушун жолдошту.
Депутат Наталья Никитенко 2017-жылдын 2-декабрында Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүтө турганын эске салды.
«Парламент мыйзамдуулукту сактап, легитимсиз кадамдарга жол бербеши керек»,-деди ал.
Депутат Аида Салянованын айтымында, президент мөөнүтүнүн аягына чейин бийликте тураары тууралуу сөздөр жүрүп атат.
«Ушундай расмий пикирлер жарыяланып аткандан кийин, демек, кандайдыр бир пландалган иштер башталды. Мен юридикалык бөлүмдү да, БШКны да айыптабайм. Алар президенттик шайлоо күнүн президенттин макулдугу менен белгилешти», - деди ал.
Президенттин парламенттеги толук укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев: «Президенттик шайлоонун күнү белгилөө боюнча мыйзам бар, анда добуш берүү октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт деп жазылган. Кийинчерээк октябрь айы ноябрга өзгөртүлгөн. Депутаттар талкууга алып, анан колдоп беришкен», - деди.
Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан Конституциясына ылайык президенттик шайлоону өткөрүү күнүн Жогорку Кеңеш белгилеши керектигин жарыялаган. Айтымында, парламент 26-апрелден кеч калбай шайлоо күнүн белгилеп, добуш берүү 27-августта өткөрүлүшү керек.