Бишкек шаарында Акүйдүн жанындагы аянтта Садыр Жапаровдордун тарапташтары митинг өткөрүшүүдө.
Жалаң энелер топтолгон тынч митинг Садыр Жапаровду колдогондуктан камакка алынган балдарды абактан бошотуу талабына байланышкан.
Эске салсак, 25-мартта УКМКнын имаратынан алдында болгон митингде 12 адам кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголуп, «бейбаштык», «мүлккө зыян келтирүү» жана «бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу» беренелери боюнча айып тагылган.