Бишкек шаарында Акүйдүн жанындагы аянтта Садыр Жапаровдордун тарапташтары митинг өткөрүшүүдө.

 

Жалаң энелер топтолгон тынч митинг Садыр Жапаровду колдогондуктан камакка алынган балдарды  абактан бошотуу талабына байланышкан.

 

Эске салсак, 25-мартта УКМКнын имаратынан алдында болгон митингде 12 адам кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголуп, «бейбаштык», «мүлккө зыян келтирүү» жана «бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу» беренелери боюнча айып тагылган.