Бүгүн Бишкекте «Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик» аталышындагы тегерек үстөл өттү. Анын катышуучусу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ахматбек Келдибеков: «Азыр иштеп аткан да, буга чейин иштеп кетишкен да жогорку даражалуу чиновниктер бүгүнкү Кыргызстандын акыбалын жаратышты. Укуктук талаада мыйзамсыздык жаралып, сот тармагы көрсөтмө менен чечим кабыл алып калышты», - деди.

 

Ошондой эле ал Курултайды улам өткөрүп аткан Ак үйдүн демилгесине нааразы болду. Белгилешинче, Курултай  кезектеги оюнга айланбай, чыныгы элдик болушу шарт.