- Кубатбек мырза, 7-апрелди майрам кылганыбыз туура эле болдубу же ал күн тарыхта аза күтүү күнү бойдон калышы керек беле?

 

- 2010-жылы 7-апрелде 87 азаматтын каны төгүлгөн күндү кантип майрам деп атаса болот? Майрам деп атагыча ошол адилетсиз бийлик менен күрөшүп, шейит болгон жарандарыбызды эскерүү күнү десек туура болот.

 

- Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсү деп атоо демилгеси көтөрүлө баштады. Бул демилге колдоого аларлыкпы?

 

- 2018-жылга чейин андай кайра атын өзгөртүүлөргө мораторий коюлганын уккам. Болбосо канча жылдан бери ардагарлердин, коомчулуктун шаардагы бир көчөнү (мисалы, Логвиненко көчөсүн) генерал С.Самсалиев атындагы көчөнүн аталышын канча жылдан бери бийлик көзгө албай келе жатат. Көчөлөрдүн аттарын биринчи мекенибизди коргогон аталардын аттарын коюдан баштасак туура болмок.

 

-7-апрелдеги салтанатта театралдаштырган номеринде уук, керегелер өрттөлдү. Буга кандай комментарий бересиз?

 

- Тилекке каршы ал номерин көргөн жокмун. Бирок, уук, кереге, түндүктүн өрттөлгөнү  кайсыл кыргызга жакмак эле? Себеби, андай нерселер кыргызда жамандыктын жышаанасы катары кабыл алынат.

 

- Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун өмүрү коркунучта экенин эске албай, неге баш коргоо чарасын өзгөрпөй коюшту?

 

- Юрист катары, ал кылмыш иши менен ММКдан гана кабардар болгондуктан, иштин өзү менен таанышпагандан кийин, ага комментарий бериш кыйын го. Ишке катышкан жактоочулардын позициясы чындыкка жакыныраак болушу мүмкүн.

 

- Президент атаандаштарын саясаттан четтетүү үчүн кылмыш ишин козготуп жатабы же биротоло сындыруу үчүн каматып жатабы?

 

- Экөө тең болушу мүмкүн. Анткени, саясат ыплас. Анда утушка жетем дегендер ар дайым ушундай ыплас, акылга сыйбаган кадамдарга барышат.

 

- Кокус дагы Садыр Жапаровго кол салуу болсо, ага ким жооп берет?

 

- Менин жеке оюмча, Садыр Жапаровду ушундай абалга (эгер өзүнө өзү кол салганы чын болсо) жеткирген үчүн териштирүү керек. Анткени, видеосун көргөндө менде ошондой ой пайда болду.  Өзүн алып жүргөнү менен сүйлөгөнү, жалтактаганы, камерадан көзүн алганы - баары тен ага ишеним жаратпайт деген ойдо калтырат.

 

Эгер дагы “өзүнө-өзү кол салды” деген сөз (факт) кайталанса, албетте, ага СИЗОнун кызматкерлери жооп бериши керек.

 

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити