Бүгүн, Бишкекте өткөрүлгөн «Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик» аттуу тегерк үстөлдүн жүрүшүндө Темир Сариев: «Кыргызстан ийгиликтүү өлкө болушу үчүн күчтүү коомдук институттар, демократия, башкаруунун жана реформа жүргүзүүнүн күчтүү түзүмү болушу керек»,- деди.

 

«Азыр биз сот реформасы көз карандысыз болбой атканынан бир топ маселелерге туш келип атабыз. Саясий чыр-чатак да болууда. Текебаев, Салянова сыяктуу адамдар тергөө амалынын алдында турушат. Бирок, укук коргоо жаатын түп-тамырынан өзгөртпөй туруп, сот түзүмүн реформалай албайбыз»,-деген пикирин билдирди Темир Сариев.