Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
«БШК президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнө «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» Конституциялык мыйзамынын негизинде жүргүзөт. Анда шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик жа, жеке да телекомпаниялар белгиленген чекте катышууга укуктуу. Мындагы эң башкы талаптардын бири бардык талапкерлерге жана саясий партияларга тең кароо болуп эсептелинет. Жеке, же мамлекеттик телекомпания экенине карабай бир талапкерге, же саясий партияга эфирден канча убакыт бөлсө, экинчи талапкерге, же саясий партияга да ошол эле баадагы ошончо убакытты бөлүп берүүгө тийиш»,- деп билдирет БШК.
Эске салсак, бир нече күн мурда БШКнын жыйынында жеке телекомпанияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууга тыюу салу демилгеси көтөрүлгөн. Бул сунушту БШКнын бир катар өкүлдөрү колдоого алышкан. Алар мындай ниеттерин шайлоо алдында кайсы телеканалды караба, шайлоо үгүт иштери чагылдырганын көргөн телекөрүүчүлөргө камкордук деп түшүндүрүшкөн.