- Эдил мырза, 7-апрель мындан ары аза күтүү күнү эмес, майрам болсун деп жар салгандарды кандай кабыл алдыңыз?

 

- Майрам деп буюрса эң чоң мамлекеттик деңгээлде белгилениши керек. Бирок майрамдай турчу ушул жылы эмнебиз бар? Эмне, сөз эркиндиги менен куттуктайлыбы бири бирибизди? Азаттыгыбыз куугунтукталып,  журналисттер менен адвокаттарга миллиондогон доолор коюлуп, “Заноза” менен “24.кг” сайттары банкрот кылынып жатса, жыйналыш эркиндигин майрамдашыбыз керекпи? Маршка чыккан балдар 5 суткалап камалып атышат. Же ошол 7-апрелди негизги уюштуруучуларынын бири Текебаев менен Чотоновтор камакта отурганын, Отунбаева сүргүндө, калгандары суракка тартылып аткандарынбы майрамдашыбыз керекпи? Же экономика жактан кайсы жагына сүйүнөлү? Светке баа эчак эле көтөрүлгөн. Бакиев мектеп китептерине аренданы жойгон, Атамбаев кайра киргизди. Бизди алаксытыш үчүн эле майрам деп айткандарын кара. Ошол баатыр балдарыбыздын каны тек төгүлгөн жок демиш үчүн. Бирок, биз алданып эле калбайбыз да оңой менен. Мен өзүм ошол жерде аянтта болдум, эмне деген шаан-шөкөт болот экен десем, театрланышкан көрсөтмөсүн кадимки эле ЦАРИИде иштегендерди даңазалап, апрелчилерди болсо маймылга окшоштуруп, бозүйдүн керегесин талкалатып көрсөтүштү.

 

Мунун баардыгын уюштурган, тымызын жасаган 7-апрелдин душмандары, кадимки “контралар”! Азыр Атамбаевдин тегереги жалаң ошол Максим Бакиевдин жан-жоокерлеринен түзүлгөн. Алар ошол Сапар Исаков баш болуп 2010-жылы 7-апрелде Максимди Вашингтонго алып барышкан, Мамдепартаменттерге. Атамбаев ошондо балдар жанын кыйбаганда 30 жылга камалмак, анан Сапар Исаков “туп-туура эле камалды” деп бүт дүйнөлүк коомчулукка түшүндүрүп берип турмак. Ошону жалгыз Атамбаев эле түшүнбөйт.

 

- Шабдан баатыр көчөсүнүн атын 7-апрель көчөсү деп атоо боюнча оюңуз кандай?

 

- Мен мындай сунушту колдойм. 7-апрелди биз даңазалашыбыз керек. Ошол көчөдө тарыхый жүрүш башталган. Мен ушул жол менен күнүгө каттайм. Ошон үчүн эки колум менен колдойм. Шабдандын атын ошол ал баатырыбыз Кемин жактан шаарга кирип келген жолго коюшубуз дагы туура.

 

Ч.Кутманалиева

 Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.