Январда “Боинг-747” учагынын кыйроосунан жабыркаган Дача-Су айылынын тургундары Ак үй алдына митингге чыгышты. Андан бери беш айдан ашуун убакыт өтсө да, бийлик тарабынан көңүл буруу болбогонуна нааразыланган көпчүлүк өлкөнүн башкы үйүнүн алдында топтолушту. 150дөй адам бийлик жабыркагандардын жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө компенсация бөлбөгүнүн айтышты.

 

Митингге чыккандардын белгилегениндей, кайрымдуулук фонддорунун жана түрк компаниясы которгон миллиондогон каражаттарды мамлекет алган. Ал эми жабырлануучулар ал акчанын четин да көрүшпөгөн.

 

Ошондой эле алар дагы деле аталган айылдын тургундарын башка жакка көчүрүүнү бийлик колго албай атканына капа. Айтымдарында, элди көчүрүүгө боло турган башка жерлер бар, бирок, бийлик дагы деле камырабайт. Алар башка аймактарда да жер көп экенин, бирок депутаттар берүүнүн каалашпай атышканын кошумчалашты.

 

Митингчилер аларга Ак үйдөгү башкы адамдардын – депутаттардын чыгышын талап кылышты. Эгерде маселелери тезинен чечилбесе мындан да катуу нааразычылык акциясына барууну да убадалашты.

 

Колдоруна “Биз коркунучтуу аймакта жашагыбыз келбейт” деген жазуу жазылган плакаттарды көтөргөн көпчүлүктүн болгон үмүтү “ак-үйчүлөрдө” турганы талашсыз.

 

Бул дача-сулуктардын биринчи митинги эмес. Ушул эле жылдын 14-мартында да митингге чыгышып, дайыма учактардын үнү күркүрөгөн жерде өткөн каргашалуу окуяны эстеп жашоого мүмкүн болбой калганын айтышкан. Учактардан чыккан зыяндуу түтүндөр да ден-соолуктарына терс таасирин тийгизип атканын белгилешкен. Бирок, андан бери жарым айдан ашуун убакыт өтсө да, бийлик былк эткен жок. Анткени, мамлекеттин жогору тарабында отургандардын колу азыр маанилүү маселеледен – саясий куугунтуктан бошобой турган чак.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.