2015- жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий таанылып, ЖК кадимкисиндей ыргакта иштеп жатса да ЖКга барган партиялардын талапкерлери арасындагы “мандат” чырына чекит коюла  элек  окшойт.

 

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, мындай чыр “Өнүгүү-Прогресс” партиясында болуп жатыптыр. “Ээси теӊдикке көнсө да, ууру теӊдикке көнбөптүр” дегендей, “Өнүгүүдөгү” депутаттар Исхак Масалиев менен Нургазы Айдаровдун “ким көп добуш топтой алса мандатка ээ болот” деген партиянын ички эрежесин тоготпой жатканынан эмнени түшүнсөк болот? Масалиев менен Айдаров региондорунан 2 миӊден добуш араӊ алышкан. Ал эми булардан кийинки орунда мандат күтүп жаткан Нурлан Сырдыбаев Таластан 5 миӊ, Осмон Турдумамбетов Токтогулдан 5 миӊ, жалпы 10 миӊ добуш менен партиянын ЖКга келишине өбөлгө түзүшкөн. Бирок өкүнүчтүүсү, теӊдик болбой жатканында. Масалиевге, Айдаровго партиянын ынтымагы, аброю, репутациясы бир тыйындай эле экен. Буларга мандат, убактылуу мансап керек экен. Мейли булар го булар. Ал эми партлидер Бакыт Төрөбаев эмнеге унчукпайт? “Эй жолдош Масалиев, жолдош Айдаров, уят! Алган добушуӊар бул. Уялгыла” –деп Төрөбаев эч кимге шардана кылбай ич ара тилдесе эмне болмок?  Б.Төрөбаев расмий түрдө президентикке ат салышарын жарыя кылды. Масалиев менен Айдаров Б.Төрөбаевди колдоп чыгарында да чоӊ мандемдүү күмөнсүнүү бар. Себеби “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” да. Кимдерге кол куушуруп барып жаткандары эл ичинде айтылып эле жатат...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.