Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко Текебаевдин адвокаттарына карата иш ачылганына нааразы болду.

 

«Бүгүнкү күндө парламенттин алдында өлкөдөгү абалды катаалдаштырып жибербөө милдети турат. Укук коргоо кызматтары айрым саясий күчтөрдүн куралына айланып кетишинин алдын алышыбыз керек. Мени ИИМдин Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына кылмыш ишин ачып атканы коркутууда»,-деди депутат.

 

Айтымында, адвокаттар Текебаевдин ишеним каты мене ниш алып барышкан. Алар прокуратурага баа берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок, кайра «жалган маалымат берүү» боюнча айыпталышкан.

 

Президенттин парламенттеги өкүлү Текебаевдин адвокаттары мамлекеттик кызматкерлер болушкандыктан, мыйзам аларга адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салаарын белгиледи.