Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Садык Шер Нияз башпрокурор Индира Жолдубаевага суроо узатты:

 

«Ата Мекен» фракциясынын бир катар депутаттарына кылмыш иши козголду. Башында чогуу жүрдүк, анан эле фракция коалициядан чыкканы кылмыш иштери биринин артынан экинчиси козголуп баштады. Бул фракция депутаттарынын бийликке каяша айтканынан эмеспи?»

 

Башпрокурор Индира Жолдубаева муну кылмыш өндүрүшүнүн ошол кезге дал келип калуусу менен түшүндүрдү.

 

Айтымында, кылмыш иши козголуш үчүн алгач көп убакытка иликтөө жүргүзүлөт.

 

«Биздин дагы бир депутаттыбызга кылмыш иши козголот экен деген кабар маалымат каражаттарында жүрөт. Ал депутатыбыз да чындыкты айткандардан. Өндүрүшүңөр ал депутатыбыздын чындыкты айтып баштаганына дагы дал келип калбайбы?»- деди Садык Шер Нияз.