Чынын айтуу керек, бүгүнкү Садыр Жапаровдун башына түшкөн күндү жыландын баласына да каалабаш керек. Бийлик ээлери бул ирет адамгерчилик, гумандуулук нормаларынан чыгып кеткени, саясатта каршылаш болсо айткан-деген, аракет жасаган Садырдын өзүн гана камаса анчалык журт козголмок эместигин көчөдө жолуккан ар бир адамдан угуп жатабыз. СИЗО-1де чынында кандай окуя болгонун эч кимибиз билбейбиз. Бирок, балдарына, бир туугандарына жасалган ырайымсыз мамилеге ата катары Садырдын жүрөгү жанчылып турганы кашкайган чындык.

 

Кыргызда чыныгы достук ушундай оор кырдаалдарда сыналат. Мурда эл ичинде “Бригада” аталып калган достордун тобу бар эле – Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдин ынак мамилесинен улам бул ат тараган. Кийин эмне себептен С.Жапаровдун берки эки досунан четтеп кеткенин сөз кылуунун кажети жок. Бирок, учурда Садырдын башына оор түйшүк түшүп, жандүйнөсү жанчылып, эмне кылаар айласын таппай турганда, “биздин лидер”, “элдик уул”, “мекенчил инсанды президент кылабыз” деп аны демитип-көкүтүп Кыргызстанга кайтышына салым кошкондун баары чанып, ар кайсы бурчка жашына калган маалда, кайра баягы эле, эски достору – Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жардамга келип олтурат.

 

Биздин маалыматка караганда, Камчы менен Ахмат Садырдын жубайы, бир туугандарын чакырып, аларды сабырдуулукка чакырып, колдорунан келишинче достун тагдырын жакшы жагына чечүүгө аракет кылышарын айтышыптыр. Садырды колдоп камакка түшкөн 12 адамга улам чай киргизип, моралдык-финансылык жактан абдан оор абалда калган үй-бүлөсүнө жакындан жардамын беришкени да чындык. Баарынан мурда ушинтип чыныгы адамгерчилик сапатын көрсөткөн кыргыздын аты аталган мыкты уулдарына Жараткан да ыраазы болуп турса керек. Бул багытта маек алууга аракет жасасак: “биз бул кырдаалдан саясат жасап, упай топтогубуз келбейт, башкысы азыр Садырдын коопсуздугун камсыз кылуу”,- дешти.

 

Эгерде соцтармактардагы айрым бекерчилер, жугундуну жакшы көргөн журналисттер бул теманы көтөрүп, “Камчы менен Ахматта бет да жок экен”, “досун сатып кетишти”- деп жазып, чуу көтөрбөгөндө, бул макала да пайда болмок эмес.