Президенттик жарыш жакындаган сайын коомчулукта улам күмөн саноолор көбөйүп, “талапкер болчунун баарын эле четтен камап жатканына караганда, бийлик өз көздөгөн адамын коюп, шайлоо көндүм көрүнүшкө айлангандай ыплас өтөт окшойт”,- деген сөздөр айтылууда. Чынында, муну шарттаган жагдайларга өзүбүз күбө болуп жатабыз. Анткен менен, “Республика” партиясы тарабынан президенттикке көрсөтүлгөн Өмүрбек Бабанов апта башындагы КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында коомчулуктагы бул тынчсызданууларга негиз жоктугун билдирди.

 

“Туруктуулукту көздөп жаткан биздин мамлекетке жарым жылдан кийин жаңы президент келет. Мен азыр бийликте тургандардын акыйкаттуу шайлоолорду өткөзө тургандыгына толук ишенем. Чиновниктер да буга көзөмөл жасашат”,- деди ал. Ошондой эле Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда саясий атаандаштык бар экенин, бул жакшы көрүнүш экендигин айтты.

 

Президенттик шайлоонун алдында кара пиар жасап, жалган маалымат жазгандарды жоопкерчиликке тартыш керек. Бийлик тууралуу эле эмес, оппозицияны да каралап жазгандардын жоопкерчилигин караш керек. Өлкөнүн башкы жетишкендиги - стабилдүүлүк”,- деп таамай белгиледи. Анткени, учурда журналисттерге каршы чабуул бир беткей жүрүп жатканын бешиктеги бала деле сезүүдө. Мисалы ошол эле КТРК, ЭлТР, “Бешинчи канал”, өкмөттүк гезиттер, бийлик адамдарынын кулагы тикчийип чыгып турган басылмалар оппозициялык ишмерлерди жөнү-жок каралоого уста болуп баратышат. Эгер алар бийликке сын айткан адамдарды келекелеп, шылдаңдабаса баштары ооруйт. Бир чети алар деле өйдө жактан ушундай тапшырма болуп жатканын тар чөйрөдө айтып эле жүрүшөт. Бабанов деле ушундай чабуулдарга тушугуп жаткандыктан, бул кепти чыгарууга аргасыз болсо керек. Бирок, эми Бабанов айткан, бирок башка ар бир бийликтен көз каранды болбогон президенттикке талапкердин оюнда турган бул сунушка Ак үй кандай жооп берет? Кандек иттей атырылган жугундукор журналисттерин, алар иштеген телеканал-гезиттерди ордуна коюп тыйабы же алар жоопкерчиликтен коркпой, “бийликте биз турабыз го”- деген тейде сасык шилекейлерин чубурта береби?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити