Азыркы бийлик акыры 2010-жылдан бери “Чубактын кунундай чубалып” келаткан мародёрлук фактысын ачат окшойт. Анткени “Ата Мекен” партиясынын мурдагы лидерлеринин бири, экс-депутат Райкан Төлөгөновдун жакында УКМК тарабынан камакка алынышы ушундай жыйынтык чыгарууга негиз берүүдө. Аталган тергөө органынын билдирүүсүндө, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн жигердүү тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталган. Аталган фактылар тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча алынган. 28-мартта Райкан Төлөгөновго КР Кылмыш Кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү,  167 (тоноону уюштурган) беренеси, 30-беренесинин 4-бөлүгү,  174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) беренеси жана 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Эгер Р.Төлөгөновдун кылмышы далилнденсе, анда дагы бир топ экстер камалат го...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити