Президент А.Атамбаевдин “Күзүндө өзүм менен кошо бир топ саясатчыларды ала кетем” деген сөзүнүн мааниси ушул беле, кыскасы, улам бир саясатчынын артынан экинчисине карата кылмыш иши козголууда. 3-апрелде Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берди. Көзөмөл органы К. Исаевди 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда туугандык, кызматтык байланыштарын колдонуп, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган, бир катар коррупциялык иштерге жол берген деп айыптоодо. Бирок өзүн келечекте президент катары сезген бул эргул парламенттик шайлоо учурунда бийликтин “клону” аталган “Кыргызстан” партиясын рекорддук кыска аралыкта түзүп, жалаң бай-көпөстөр акчанын күчү менен шайлоодо күтүлбөгөндөй “жеңишке” жетишпеди беле. Өлкөдө төрөлгөн ар бир наристеге 50 миң сом сүйүнчү акча беребиз, Бишкекте коомдук транспортту бекер кылабыз”,- деп да карапайым элдин кулагына кезектеги кесмени илишкен.  Демек, бийлик буларды керек учурда пайдаланып, кийин “өзүбүздүкүн деле кылмыш жообуна тартып жатабыз” дегендей түр көрсөтүп, сары улак катары садага чабууну башында эле пландаштырып койгон турбайбы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити