Коомдук ишмер, ЖКнын экс-депутаты, “Улут жүзү” коомдук фондунун негиздөөчүсү, бизнесмен Рустам Мамановду бирде мактап, бирде жамандап жекирген маалыматтар басма сөздө байма-бай пайда болуп келаткандыктан, ага маани бериштин деле анчалык зарылчылыгы жок болчу. Бирок, тынч эле, өз иши менен гана алек болуп келаткан адамды да жөн койбой, боктоп жатышканы жан кашайтат.

 

Өз фонду аркылуу чыгармачыл жаштарды, тарых иликтөөчүлөрдү, кыргыз улутунун туусун бийик көтөргүсү келген дараметтүү жарандарды колдоого алып келаткан Рустам мырзанын деле саясатка аралашса, колунан көп нерсе келе турган, артынан адамдарды ээрчитип кете турган дарамети бар. Бирок, ансыз деле баары саясат менен алектенип жаткан заманда “саясаттын сасык оюндарынан алыс болоюн, андан көрө элимдин тарыхын каздырып, жаздырайын, улуттук маанидеги долбоорлорду алып чыгып элиме кызмат кылайын”- деген дымагы айрым адамдарга жакпай жатат окшойт. Айрыкча жакындап келе жаткан президенттик шайлоодо кимди колдоорун ачык айтпай жүрүп алганынанбы, аны билгиси келгендер ушинтип жамандап, сырын билүүгө ашыгып жатабы? Эмнеси болсо да, элинин керегине жараган эр азаматтын бирин-экин куюлган жугундудан кадыры түшүп кетпейт. Эң башкысы, алган багытынан кайтпай, түз жүрүп олтурса, кийинки урпактар да анын эрдикке тете эмгегин унутпайт.

 

Булак: «Майдан.kg»