Учурда бекерчи соцтармактагы журт менен бийликтин акырынан жем жеген айрым басылмалар Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду “экс-партиялаштары, досу камалып, атүгүл венасы менен мойну кесилип кансырап жатса да ооз ачып койгонго жараган жок”- таризинде байма-бай сындап жазып жатышат.
Биз да бул багытта комментарий алуу багытында “Ата-Журт” партиясынын азыркы лидерлерине байланышуу аракетин жасадык. Көрсө, К.Ташиев менен А.Келдибековдун үн катпай жатышына бир гана себеп бар экен – учурда экөө тең өлкөдөн сырткары жакта жүрүптүр. А.Келдибеков Москвада, ал эми Ташиевдин кайсы мамлекетте экенин так биле албадык. Бирок, бүгүн-эртең сапары карып, Кыргызстанга кайтышат. Биздин кабарчыбыз байланышканда алар ким болбосун мындай кыйноого салуу адамгерчиликке жатпастыгын, балдары, туугандарына да куугунтуктун жайылып кетиши – чектен чыккандык экенин айтышты. Ошондой эле, жакынкы күндөрү бул багытта принципиалдуу позициясын айтып чыгышарын, бардык суроолорго так жооп болорун кыйытышты. Ошондуктан, “эзелки бригаданын берки эки мүчөсү досу өлүм алдында жатканда унчукпады”- деп кине койгон жарабайт.
Баса, эл ичинде “үч баатыр” аталган Мадумаров-Ташиев-Келдибеков үчилтигинен Адахан Кимсанбаевич апта башында маалымат жыйын куруп, С.Жапаровго байланыштуу кескин позициясын билдиргенин унуткан жок болсоңор керек. А жакында бул багытта үчилтиктин билдирүүсүн да окуп калышыңар мүмкүн...
Булак: «Майдан.kg»