Аналитик, журналист Жолдошбек Токоев апрель окуясындагы максаттар ишке аштыбы-жокпу, ой бөлүштү: 

 

- 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын жеңиши эми байкала баштады. Өлкөдө чындап эркин ой айтуу, эркин гезиттер чыгып жатат. Бакиевдин убагында “Де-Факто”, “Алиби” гезиттерине 1 млн. сом айып салынып, журналист Чолпон Орозобекова чет өлкөгө качкан, Бабырбек Жээнбековду “1 млн. сом айып төлөбөйсүң”- деп Бишкек ИИБ абагына (ИВС) 2 сутка камаганда, биз 100дөй адам Свердлов районунун сотуна барып кутултуп чыкканбыз. Булардын күнөөсү Жаныш Бакиевдин баласы “Жибек Жолу” көчөсүндө авто унаа менен 1 адамды тепсетип кеткенден ал адам дароо мүрт кеткен. Бул окуяны жазышкан Ч.Орозобекова менен Б.Жээнбеков жалган зомбулукка туш болгон. Экономикалык жактан алганда бир мисал келтирейин. Кыргызстанга 2010-2016- жылдар аралыгында 280 миң авто унаа кириптир, демек эл байып жаткандыктын ачык белгиси. Азыр Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын көчөсүнө машина батпай бара жатат. Кемин-Датка айлампа электр станциялары курулуп, зымдары тартылып мурдакыдай Өзбекстанга, электр транзит үчүн Казакстанга көз каранды болбой калдык. Мурда Өзбекстанга 1 жылга 3 млн. АКШ долларын төлөсөк, Казакстанга транзит үчүн 175 млн. саат КВ энергияны бекер берчүбүз. Азыр калкта мурдакыдай электр, газ өчүп жатабы, албетте жок. Түндүк-түштүк жаңы жолунун теңи бүтүп калды, бул да чоң ийгилик, Бишкекте 5 жылда 400 км жол оңдолуп түзөтүлдү, Токмокто текстил комбинаты ишке кирди, турак жай курулушу күндөн-күнгө өсүп жатат, ооруканалардын жаңы имаратары, бала-бакча, мектептер курулуп бүтүп жатат дагы быйыл курулат. Чет элдиктер кыргызстага көңүлүн эми бура баштады. Дегеним, чет элдиктер Кыргызстандын 620 чарба продукциясын сатып алууга кызыктар болуп жатат. Биз эми фито-санитардык талаптарды ишке ашырсак эле товар экспроттолгону турат. Бул ошол “революциянын максаттары ишке аша баштады”- деген жакшы жөрөлгө. Бирок, бул дагы ишке ашыш үчүн өлкөдө тынчтык керек. Апрелде дагы бир ызы-чуу болсо, Ысык-Көлдүн сезону “өлдү!”.