Бул тууралуу анын адвокаты Динара Медетова “Искра.KG”ге билдирди.


Ал, Садыр Жапаров менен бир жарым саат отуруп сүйлөшүп чыккан. Учурда Жапаров капельница алып жатат. Абалы анча эмес. Садыр Жапаров адвокаты аркылуу “өмүрүм коркунучта, кол салынышы мүмкүн, үй бүлөө, жакындарыма дагы коркунуч бар. Аябай катуу кысым болуп жатат”,-деп айттырган.


Динара Медетова бул боюнча абактын жетекчилигине кайрылса, алар көңүлгө албай жатканын айтты:


“Садыр Жапаровдун абалы жакшы эмес, туруктуу капельница алып жатат. Ага аябагандай басым болууда, өмүрү, үй бүлөөсү да коопту. Мен, жетекчилигине айтсам, алар эч кандай коркунуч жок деп, биздин келтирген жүйөөлөрдү четке кагып, эске албай жатат. Азыр деле Садыр Жапаров жалпы дарылануучу жайда жатат”,- дейт адвокат Медетова.


Булак: «Искра» сайты