Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канат Исаевдин ишине байланыштуу материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

 

Эске салсак, Башкы прокуратура Канат Исаевге 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда бир катар мыйзамсыз иштерге барган  деп, «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Ал эми, Канат Исаев коюлуп жаткан айыптар негизсиз экендигин билдирген.