Сөзүнүн аягында А.Атамбаев: “баарыңарды кызыктырган бир суроого жооп берип кетейин”,- деп, “ким мураскер болот?”- деген маселеге кайрылды.

 

“Кыргызстанда боломбу, чет элде боломбу, - кайда барбасам, баары тең мага дайыма бир суроо беришет: “Мураскериң ким болот?” деп. Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” деп. Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт. Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок!”- дейт Атамбаев.

 

“Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Ар бир кыргыз жараны! Анткени мен да кыргыз жаранымын, түм кыргыз элинин катарында, кыргыз көчүнүн катарында, элибиз Аксыда, Март, Апрель окуяларында тапкан адилет жолдо баратам. Биз баарыбыз ушул жолдун мураскерибиз. Манас атабыздын, бабаларыбыздын мураскерибиз”,- деп сөзүн улантты ажо.

 

Атамбаевдин айтымында, эмки президентти эл өзү шайлайт: “Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу, аны мезгил көрсөтөт. Анткени шайлоо деген шайлоо. “Албайт, буюрган алат” деп айтат кыргыздар. Анын үстүнө “Жыландын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген да сөз бар. Кайран кыргыз элим ишенип, алданып да, ээрчип кетмейи бар. Бул деген турмуш. Мезгил өзү гана бардыгын көрсөтөт. Бирок ким президент болсо да, кыргыз көчүн азыркы туура жолунан бура албайт деп ишенем. А болбосо эл аны бат эле өз ордуна коюп коёт. Анткени, бизде бийликтин булагы – эл! Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы – эл! Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула! Кырчындай жигиттерибиз канын төгүп, өмүрүн берип, 7-апрелде сактап калган демократияны, эркиндикти коргогула!”.