Кыргыз Республикасынын

Президенти

А.Ш. Атамбаевге

                                           

Урматтуу Алмазбек  Шаршенович!

 

Өлкөдөгу тузулгон курч саясий абал өзүнүн апогейине жеткени калды. Абалдын оорлошу  мындан жети ай мурун башталып, кризистик абалдын курчушу акыркы саясий камоолордун аркасында ого бетер күчөп кетти. Тилекке каршы, саясий кризистин күчөшүнө биринчи ирет оппозиция же башка күчтөр эмес, президент болгонуңузга карабастан өзүңүз себепчи болгонуңуз өтө өкүнүчтүү. 

 

Учурдагы саясий абал жөнгө салынбай, ушинтип курчуй берсе акыры элдик толкундоолорго алып келип, дагы бир элдик революциянын кайталанышы толук реалдуу болуп калды. Ошондуктан, дагы кеч болуп кете электе жалпы эл тарабынан шайланган президент катары элибиздин келечегин ойлоп,  камалган оппозициянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен компромисске барышынызды көптөн-көп суранам.

 

Сиз ушул президенттик мөөнөтүңүздө эл үчүн бир топ ургалдуу жана оозго алаарлык иштерди жасап жатасыз. Аны эл билет. Бирок, акыркы убактагы оппозицияга карата сиздин жаалданган аракетиңиз эл тарабынан саясий куугунтук катары бааланып жатат. Бийликтин оппозицияга карата репрессиялык аракетин сындагандар улам барган сайын чагылгандай көбөйүүдө. Айрыкча Өмүрбек Текебаевдин террорист катары камалышы, Садыр Жапаровдун  бир туугандарынын, туугандарынын  жана балдарынын сабалып,  коллективдүү жоопко тартылышы элдин кыжырын келтирүүдө. Ага чейин эле сиз ондогон оппозициянын өкүлдөрүн эл алдында аттарын атап, жамандап жатып, камалышына көмөк көрсөттүңүз. Соттун чечими болмоюнча кандайдыр-бир адамды “күнөөлүү” деп эч ким айта албайт. Жада калса президенттин да соттун чечимисиз эч бир адамды “күнөөлүү” деп айтууга акысы жок. Анткени президенттин мындай ойлонбогон сөзү эл тарабынан сот жана укук коргоо органдарына берген атайын көрсөтмө катары кабыл алынат.

 

Сизден суранаарым, өз элиңиздин өкүлдөрү жана оппоненттериңиз менен эрегишпей, алардын эркин пикирине сыйлоо менен мамиле кылыңыз. Сиздин наамыңызга айткан сөздөрү жана тайманбас мүнөздөру үчүн сиз аларды саясий куугунтукка албаңыз. Сиз дагы убагында ошол кездеги президенттер Акаев менен Бакиевди катуу сындап, кызматтан кетүүсүн талап кылган учурларыңыз болгон. Бирок алар сизге канчалык каршылык кылган менен сиздин балдарыңызды жана туугандарыңызды сабап, камап  мынча куугунтуктаган эмес. Тескерисинче, Бакиев сизди премьер-министр кылып дайындаган учурлары болгон. Акаевдин убагында болсо, кийин кыйынчылык көргөнүңүздү эске албаганда, башында өзүңүз айткандай, китеп сатып бизнесиңизди гүлдөткөн учурларыңыз да болгон. Өлкөнүн президенти Манас баатыр сыяктуу айкөл болушу керек.

 

Ошондуктан, саясий куугунтуктун аркасы менен камалган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров баштаган ондогон оппозициянын өкүлдөрүнө кечирим берип, эркиндикке чыгарып коюшуңузду суранам. Ал эми жасаган күнөөлөрү үчүн алар тергөө жана сот алдында жооп беришсин.

Экинчи өтүнүчүм, кармоо учурунда кыйноого кабылган жарандардын укугун коргоп, тынч атуулдарга кол көтөрүп кыйноого барган тийешелуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине татыктуу жаза берилишин көзөмөлгө алышыңызды суранам.

 

Ушундай кадамга барган учуруңузда гана өлкө тынч болуп, дагы бир чаң-тополоңду алдын-алып калган болосуз. Эгер биздин бул кайрылууга кулак салбай, өз билгениңизди кылсаңыз, анда өзүңүз катуу өкүттө калып, өлкөнү дагы бир апаатка кабылткан болосуз.

Сизди сыйлоо менен,

 

Турсунбек Акун,

“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын” төрагасы