Кыргыз  Республикасынын

Башкы  прокурору

И.Ы. Жолдубаевага

                                   

Урматтуу Индира Ырысбаевна!

       

Кыргыз  Республикасынын  Конституциясында жазылгандай, Башкы прокуратура  мыйзамдардын аткарылышын көзөмөл (надзор) кыла турган негизги орган болуп саналат.   Бирок, акыркы убактарда Башкы прокуратура мыйзамдардын аткарылышын көзөмөл кылуунун ордуна жогорку бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып, оппозициянын үстүнөн куугунтук жасап, саясий укуктарды тепселей турган органга айланып бара жатканы өкүнтөт. 

Буга мисал катары, акыркы эки жылдын ичинде ондогон оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү камалып, иш козголуп, сот жообуна тартылышууда. Президент элге кайрылып  телевизордон фамилиясын атаган оппозициянын өкүлдөрүнүн бардыгынын үстүнөн иш козголуп, камалууда. Алардын көбү кандайдыр-бир жасаган кылмыш иши үчүн эмес,  президент Атамбаевди катуу сындап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылгандан кийин иш козголуп, камалып жатат. 

 

Бул - оппозициялык лидерлерге карата прокуратура тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтук болуп саналат. Прокуратура мамлекеттик жетекчилерге (керек болсо президентке да) эскертүү берип, мыйзам бузууга жол бербөөнүн ордуна жогорку бийликтин жазалоочу куралына айланып калды.  Буга далил болуп “террорист” катары  Текебаевдин камалышы, өз өлкөсүнө келген Садыр Жапаровдун кармалышы жана анын жактоочуларынын камалып куугунтукка алынышы саналат.

 

Кыргыз бийлиги сиздердин колуңар менен эркин пикирин билдирген оппозицияны камап коркутуп, өз үстөмдүгүн жүргүзүүгө аракет кылууда. Ушинтип отурса дагы бир революция болуп, бейкунөө адамдардын каны төгүлүп кетиши толук мүмкүн. Ошондо элдин жана тарыхтын алдында Башкы прокуратура өз башы менен жооп берип калышын алдын-алып эскертээр элек.           

      

Ошондуктан сизден суранаарым, кеч болуп кете электе буга чейин кылган күнөөңөрдү мойнунарга алып, оппозициянын үстүнөн козгогон мыйзамсыз кылмыш иштерин мөөнөтүнөн мурда токтотуп,  аларды эркиндикке чыгарып коюшуңарды суранабыз.  Президенттер келет, кетет. Бирок эл кала бере турганын унутпаңыздар. Буга чейин сиздер тарабынан кетирилген одоно катачылыктардын натыйжасында эл имаратыңарды өрттөп жиберген учурлар да болгон. Андан тийешелүү сабак албасаңар “ошондой учур кайталанбайт” деп ким кепилдик бере алат?

 

“Бетке айткан сөздүн заары жок”- дегендей, биз ачык айтып, алдын-ала эскертип жатабыз.      

 

Анткени “Кыргызстан Демократиялык Кыймылы” жана Кыргызстан укук коргоо кыймылы алгачкы демократиялык жана тунгуч адам укугун коргоочу уюм болгондуктан, өлкөдө дагы бир революциянын карааны жетилип келе жатканын эскертип жатабыз.   

                                              

Ошондуктан мындан кийин бийликтин  мыйзамсыз көрсөтмөсүн аткаруудан баш тартып, өлкөдөгү мыйзамдардын аткарылышына катуу көзөмөл кылышыңарды суранабыз. Болбосо элдин заарына каласыңар.

         

Сизди сыйлоо менен,

Турсунбек Акун

“Кыргызстан ДемократиялыкКыймылынын” төрагасы, 

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси