КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү абалга көз карашын билдирди.
Анын баамында, мындай чыңалуу президенттик шайлоодо өзүнө упай топтоону каалагандарга зарыл болгон.
«Президенттик шайлоо жакын калды. Мамлекет башчысы мөөнөтү бүткөндөн кийин бир күн да бийликте кармалбай турганын бир нече жолу жарыялаган. Ага карабай, өлкөдөгү абал курчуду. Кимге мындай абал керек болду? Менимче, анын артында тургандардын бири гана максаты бар, ал – бийлик менен президентти дискредитациялоо», - деди Аманкулов.
Ал сөз эркиндиги басымга кабылды деп эсептегендерди укуктук талаада гана өз укуктарын коргоого чакырды.
«Саясат. kg»