Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайлардын шарттары начар экенине токтолду.
«Биздеги убактылуу кармоочу жайлар мыйзамга да, эларалык нормага да туура келбейт. Чоң кызматтын жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер ал жакка басып барбайт. Башпрокурор болуп турганымда мен баргам. 2011-жылы барып, андагы шартта өз көзүм менен көргөм. Ошол кездеги прокуратуранын сунуштары бүгүнкү күнгө чейин аткарылбады. Бул мекемелерди же оңдоп – түзөп, мыйзамга тууралаш керек, же жабыш керек – башка варианты жок», - деди депутат.
Айтымында, убактылуу кармоочу жайларга туруктуу жашаган жери жок жарандарды киргизишет. Ошондой эле жарандардын өздүгүн тактагыча анда кармашат.
«Беш суткага киргизсе эле ал адамдын туруктуу жашаган үйү пайда болуп калбайт да. Он сутка киргизип, өздүгүн тактайбыз дегендеринен да жыйынтык чыкпайт. Буга өкмөт көңүл буруп, сунуштарын берсе, биз протоколдук тапшырма берип, бул мекемелердин бюджетин текшерсек. Анткени, ага акча бөлүнөт экен, бирок кайда жумшалганы белгисиз», - деди Салянова.
Ал ошондой эле өлкөдөгү ызы-чууда милиция кызматкерлеринин милдетине да басым жасады. Айтымында, мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызматындагы функцияларын гана аткарып, саясатка аралашпоосу керек.
«Саясат. kg»