Жогорку Кеңештин экс-спикери, “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы Ахматбек Келдибеков азыркы парламенттин деңгээли, мамлекетибиздеги саясый кырдаал, айрым ММК өкүлдөрү, кара пиар, өлкөбүздүн сот адилеттиги, Аксы окуясы, президенттик шайлоо жана митинг, пикеттер тууралуу “Майдан.kg” гезитине кеңири маек берди.

 

- Ахматбек Келдибекович, биз Сиз менен 24-мартта маектешип отурабыз. Бул күндү баса белгилегендигимдин себеби, мындан туптeура 12 жыл мурда, ушул күнү Аскар Акаевдин режими кулатылып, элдик революция ишке ашкан эле. Андан тышкары 2010-жылы болгон 7-апрель окуясы жакындап келатат. Сиз үчүн бул даталар эмнени түшүндүрөт?

 

- Мен бул даталарды майрам деп да айта албаймын. Себеби, “революция” дейбизби же “төңкөрүш” атайбызбы, жакшы эмес окуялар. Бирок, ошол элде 2005-жылы кандайдыр бир “жакшы жашоого жетебиз” деген үмүт бар болчу. Тилекке каршы элибиз ошол өзү каалаган максатына жетпей жүрөт. Ошондуктан март жана апрель революциялары баарыбызды терең ойлондура турган жагдайлар болуп эсептелиш керек. Себеби андан кийин биз кандай жакшылыкка жеттик? “Элибиз жыргап жашап кеттиби?”- деген суроолор дайыма эсибизде болушу керек. Эң негизги суроо бул – адилеттүүлүк, бул бийликтегилерди да, бийликте эместерди да ойлондура турган башкы суроо болушу зарыл.

 

- Негизи кандай ойлойсуз, ушул эки ыңкылапка катышкан элдин максаты кандайдыр бир деңгээлде болсо да ишке аштыбы?

 

- Элдин ошол үмүтү акталбаган үчүн көпчүлүк нааразы болуп жатат. Жарандар үчүн адилеттүү бийлик керек. Менин жеке каалоом – эгер мамлекетибиз өсүп-өнүгүп кетсе, элдин саясат менен деле иши жок болуп калат эле. Ким депутат болуп жатат, кимиси министр экендиги менен деле иши болбой калат эле. Эң негизгиси элдин жашоо турмушу оңолуп, тынчтык, коопсуздук, жумуш болуп, жашоо-турмуш оңолуп кетсе эле коом да тынч болот. Мындан тышкары мамлекеттин күчтүү болгондугу керек элге.

 

- Эми ошол эгемендүүлүктүн тарыхында Р. Отунбаеваны кошпогондо биз үч президент менен жашап жатат экенбиз. Сиздин оюңузча ушул президенттердин кимиси элдин эсинде жакшы иши менен калат?

 

- Бүгүн эл ошону өзү салыштырып атат. Убакыт өткөн сайын баарына калыс баа берилет экен. Учурунда Аскар Акаевичти катуу сөгүшкөн. Бирок бүгүнкү күндө ошол эле А.Акаевдин жакшы эмгектерин эл баалап жатат. Учурунда Бакиевди да каттуу сөгүшкөн. Бүгүн эл ошол Бакиевдин учурундагы жакшы иштерди азыркы бийлик менен салыштырып жатат. Ал эми азыркы бийликтин жасаган иши эртеңки бийлик келгенде салыштырылып, баа берилет. Ошондо гана калыс жана адилет баа айтылат. Бүгүн элдин арасында угуп калсаңар, ар кандай сөздөр айтылууда. Демек, ар кандай саясый жагдайдын баасын тарых гана берет. Мына биздин иштер боюнча, апрель окуялары боюнча учуру келип, эл баа берип жатат.

 

- Сиз экономиканы жакшы түшүнөт эмессизби. Салыштырып караганда экономикалык жактан азыркы президенттин тушунда өнүгүүнү көрө алдыңызбы?

 

- Эң оболу экономика саясый бейпилдикти талап кылат. Эгер саясый туруктуулук болбосо, бир да инвестор келбейт. Адилеттүү соттук башкаруу болбосо деле бир да инвестор келбейт жана ишкерлердин иши алдыга жылбайт. Тилекке каршы бүгүн биздин мамлекетибизде адилеттүү сот тармагы жок. Соттун өзү элдин эң чоң мүшкүлүнө айланып бүттү. Себеби чындык жок. Сот эч качан адилет чечим чыгарбай калды. Мисалы, жүз ишкананын ишин караса, алардын бирөөсүнүн гана ишине адилет чечим чыгарышы мүмкүн. А бирок токсон тогузуна эч качан чындык менен чечим чыкпайт. Баардыгы Ак үй, тааныш, билиш, акчанын күчү менен чечилип калды. Чындык издеп көздөгөнүңө, мыйзамда жазылган адилеттикке жетпейсиң. Мына, мен сот иштери башымдан өтүп, көзүм менен көрдүм. Сен канчалык аракет кылып, оозуңдан ак көбүк чыгып сүйлөп жатсаң да сот кайдыгер карап коюп отура берет. Ошондуктан “суд присяжных” деген бар, ошону киргизүү зарылчылыгы пайда болууда. Сотторду эл шайлаш керек экен. Алардын ошого жараша жоопкерчилиги болушу керек. Эгерде сен туура эмес соттолуп, айыпка жыгылсаң, ошол эле жоопкерчиликке сот эки эсе көп тартылышы зарыл. Ошондо гана бул тармакта тартип болгудай.

 

- Сиздердин башыңыздардан өткөргөн мыйзамсыздык “Ата Мекен” партиясынын үстүнөн да кайталанып атабы?

 

- Бизди мыйзамсыздык менен камап, Конституцияны тебелегендердин өздөрүнүн башына бүгүн мыйзамсыздык түштү. Ушунун баарын уюштурган Аида Салянова жана башкалар өздөрү бүгүн ошол абалга туш болушууда.

 

- Бирок Сиз айрымдар жазып аткандай, аларды табалаган жоксуз да?

 

- Мен табалаганым жок. Мындан ары да ушундай көрүнүш кайталанбашы үчүн тамырын кыркышыбыз керек. Антпесек, бул көрүнүштөр бир же эки жылдан кийин да кайталанышы мүмкүн. Ошон үчүн тамырын кыркып, мыйзамдын гана чегинде иштешибиз керек. Анан каралоо боюнча. Мисалы, мени камаганда төрт айлап каралашкан. Мамлекеттик каналдардан, бүт жерден каралашкан. Ага эч ким жооп берген жок. Бүгүн мамлекеттик каналдардагы каралоолорго карата жоопкерсиздик өкүм сүрүп, эми калган журналисттер да каралоолордон тартынбай калышты. Журналисттер эгер адамдын аброюна калп шек келтирип, караласа, өздөрү да жооп бериши керек. Ким болбосун, журналистпи, башка адамбы моралдык, материалдык, укуктук жоопкерчиликке тартылыш керек. Жоопкерчиликти сезбей калган боло берет экен деген туура эмес. Ошону уюштургандар да жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Мисалы, бүгүн көпчүлүк прессаларда жөнөкөй гана кылган ишине, саясый көз карашта баа берсе болот. Бирок бул жагдайды унутуп коюп, адамдардын жеке намысына шек келтирилип жатпайбы. Айрымдары айтпаган сөздү “айтты” деп каралап жатат. “Бир саясатчы башкасына тийип алды”- дегенге чейин барып жатат, эрди-катынга окшоштурушуп. Бул маданиятсыздык! Мамлекеттик болобу, жеке болобу, журналисттердин өз тилине ээ боло албай калгандыгы. Андан тышкары бизде журналисттер ушундайга үйрөнүп алды, аялы менен чай ичип же досу менен арак ичип отуруп сүйлөшкөнүн эртеси газетага жазган адат таап алышты. Ага ким укук берди, бирөөнүн аброюн кетиргенди. Мына ошого жоопкерчиликти киргизгенде, андай маданиятсыздык токтошу мүмкүн. Бул маданиятсыздык гана эмес, иним капа болбо, арамзалык да болуп саналат. Мен көпчүлүк журналисттерди сыйлаймын, калемгерлерди урматтаймын. Канча башынан кыйынчылыкты өткөргөн журналисттерди сыйлаймын. Бирок бүгүнкү күндө коммерциялык журналисттер көбөйүп кетти. Анткени кимдир бирөөнү жамандап, каралап койсо эле өздөрүнөн, кызматынан корккондор тыйын-тыпыр бере коёт же ыйлап, жалдырай түшөт. Анан эле “оо мен кыйын экенмин” деп калат. Андай болбойт. Кудай деген бар, бир күн болбосо, башка күнү жоопкерчиликке тартып коюшу мүмкүн.

 

- Азыр “Ата Мекен” партиясынын лидерин “чындык үчүн камалды” дегендер эмне үчүн ошол эле Ө.Текебаев А.Атамбаевдин жанында отуруп жасаган мыйзамсыз иштерин айтышпайт?

 

- Себеби биз, кыргыздардын нукура каныбызда бар, эгер Сиз экөөбүз машинада кетип баратсак, көчөдө эки адам мушташып жатса, токмок жеп аткан адамга экөөбүз тең токтоп болушабыз. Эгер отуруп, маселенин чоо-жайын иликтесек, токмок жеген адамды анын кылган күнөөсү үчүн кайра токмоктош керек болуп калат. Бул биздин каныбызда бар, мыйзамсыздыкты, Конституцияны, мыйзамдарды бурмалоо кайсы саясатчылардан башталгандыгын өзүңүз жакшы билесиз. Эми ал киши деле айтып жүрбөдүбү, биз камалганда. Бирок мен таба кылганым жок, тобо кылдым. Биздин деле башыбыздан өттү го. Азыр сотко барыш керек да, күнөөсүз экендигин далилдеш керек. Сиз деле катышып аттыңыз, биз сотто күнөөсүз экендигибизди газета аркылуу элге жеткирип жаттык. Азыр Текебаев да эгер күнөөсү жок болсо, аны далилдеш керек. Ага бийлик мүмкүнчүлүк бербей коюшу мүмкүн. Бирок пресса аркылуу болобу, кандайдыр бир түрдө стенограмманы элге жеткирүү керек. Ошондо күнөөсү бар же жок экендигин таразалап алат.

 

- Азыр А.Атамбаевдин “Жогорку Кеңеш ушактын ордосуна айланып кетти” дегени кызуу талкууланып атат. Эл деле парламенттен тажагандай. Сиз кандай ойлойсуз, алтынчы чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн деңгээли ушактан башкага жарабайбы? Алар таркаш керекпи?

 

- Урматтуу депутаттарды биз сыйлашыбыз керек. Бирок алар капа болбос, мындай төмөн деңгээлдеги парламент болгон эмес. Анын ичинде татыктуу адистер, бизнесмендер бар. Ал эми парламенттин табияты башка да. Эптеп бир нерсени сүйлөп коюп эле “мен иштеп жатам” деген депутат эмес да. Депутат деген элдин, өзүнүн округундагы көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн үстүндө мыйзам чыгарып, ошону ишке ашырыш керек. Андан ары аны көзөмөлдөгөндө ошол көйгөйлүү маселе чечилет. Албетте, парламент сындаш, сүйлөш керек, бирок базардагы деңгээлдегидей эмес да. Өкмөттүн ишин сураганда цифра менен сураш зарыл. Ар бир тармактын өзүнүн цифрасы, фактысы менен сураш керек. Жөн гана көчөдөгү, Ош базарындагыдай “минтип атыптыр го, тигинтип атыптыр го” деген туура эмес. Бул парламенттин деңгээлин көрсөтүп атат. Ошондуктан азыркы парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, таркаш керек деп ойлоймун. Президент да, Бакыт Төрөбаев да туура айтат, таркап, ордуна жаңы парламент келүүгө тийиш.

 

- Сиз жогоруда сөзүңүздө журналисттер тууралуу айтып өттүңүз, бүгүнкү күндө бир топ оппозициялык сайттар, журналисттерге президент тарабынан миллиондогон сом доолор коюлуп жатат. Президенттин бул кадамы туурабы, дегеле сөз эркиндигине доо кетип, демократиялык жетишкендиктерибиз жоголуп кетпейби?

 

- Сөз эркиндиги дайыма болуш керек. Ошондуктан кыргызда бекер айтпайт, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”,- деп. Бирок сөз эркиндиги, демократия деп эле каалагандай сүйлөй берген болбойт. Адамдын жеке өзүнө, инсандык касиетине сөз тийгизбеш керек. Эмне үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттик эмес прессаларга чабуул башталды. Эмнеге алар ошол эркиндикти туура эмес пайдаланды? Каалаганын жаза баштады, кемсинтип жазганга өттү? Себеби бул баардык балээ КТРКдан, “5-каналдан” башталган. Бул маалымат каражаттары бирөөнү караласа, анын чындыгы 10 эле пайыз, калганы 90 пайыз калп болуп чыгат. “А биз булардан кембизби?”- деп башкалар да баштады. Баардыгына бирдей мамиле болуш керек. Мисалы, мени КТРК менен “5-канал” кандай каралагандыгы боюнча бүгүнкү күндө соттошуп жүрөм. Сот улам кийинкиге жылдырып келатат. Буга бирок эч ким маани деле берген жок. Эми президенттин сотко берип жатканынын себеби, жеке инсандык касиетине улам тийише бергендиктен, чыдап, чыдап отуруп, акыры чыдамы түгөнгөндө сотко берип жатат. Бирок баардыгына бирдей мамиле болуш керек эле. Демек, менин жеке инсандык сапатыма шек келтирген КТРК менен “5-канал” да коюлган доону төлөп берсин. Бир эле мен эмес, Сиз же башка жөнөкөй жарандын аброюна шек келтиргендүгү үчүн КТРК, “5-канал” жана ЭлТРлер “Азаттык” менен Zanoza сыяктуу жооп беришсин. Алар да доо арызды төлөп, банк эсеби камакка алынып, жетекчилери жоопко тартылсын. Кыргыз үчүн эң ыйык нерсе бул – адилеттүүлүк. Эгер бирөө адилет соттолуп, жазага тартылса, ал эч качан жаман сөз айтпайт. Бирок азыр адилетсиздик болуп жатпайбы.

 

- Ошол адилетсиздик жөнүндө. Сиз тууралуу кечээ “Азия news” гезити “Темир Сариевге кошулуп кетти” деп жазыптыр. Ушундай көрүнүштөр көнүмүш адатка айланууда. Буга эмне деп жооп бересиз?

 

- Эми бул жигит мына Сиз өзүңүз деле күбө болдуңуз, келип кечирим сураган. “Мен жаман жазбаймын, мындан ары чындыкты жазам”,- деген сөзүнө Сиз өзүңүз күбө болгонсуз. Ага мен ини катары көп эле жолу айтканмын, “Сурооң болсо өзүмө түз чалсаң, жооп берем”,- деп. Жана эле айтпадымбы, отуруп алып эле түшүнө эмне киргенин же оюна келгенин жаза берген оюнчук эмес да. Жогоруда айттым. Интернеттен да айтып койгонмун. Мен соттошконду жакшы көрбөймүн. Ким ал жигит, өзү ким? Ошон үчүн мен айткым келет, эгерде мындан ары да газетага жаза берсе, “боло берет экен” десе, сот алдында жооп берсин. Ойлоп тапкан нерсесин сотто далилдеп берсин. Дагы бир жолу кайталаса, сотко берем. Буларды материалдык жактан жазалабаса, адамкерчилик сапатты түшүнбөйт экен. Андыктан айла жок соттошууга туура келет. Ага теңелгим деле келбейт. Бирок калп жазгандын да чеги болот да.  Дагы бир жолу калп жазса, аны менен сот процессинде жолугам. Эгер сот “Азаттыкка” 10 млн., Zanozaга 10 млн. сом жана башка доо коюп жатпайбы, мен да 10 млн. го берем. Мен ойлоймун, сот адилеттүү болуп, бирдей чечим чыгарып берет деп.

 

- Сиздер Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров болуп бириккениңиздерде эл аябай сүйүндү. Бирок эл “кимиси президенттике чыгат экен?” деп чыдамсыздык менен күтүп келатышат. Ушуну качан ачыкка чыгарасыздар?

 

- Кудайым буюрса, биз үчөөбүз бириккенге мен деле азыркыга чейин сүйүнүп жүрөм. Угуп жатам, эл да сүйүнүп атат. Ошондуктан айрым көрө албагандар биз бириккен күндөн баштап арам технологяны колдонуу менен, тескери маалымат таратып жатат. Ага кимдер катышып жаткандыгын да билебиз, Кыргызстан чакан эле мамлекет эмеспи. Анын ичинде ким, кайсы саясатчы, канча акча төлөнгөндүгүнө чейин баардыгы билинет. Ошонун ичинде “Келдибеков бирөө менен сүйлөшө коюптур”,- деп айтып атышпайбы. Штаб да ачтыра коюшту. Эгер биз бирөө менен сүйлөшсөк, чогуу маалымат жыйынын өткөрүп, жарыялайбыз. Бул үчөөбүздүн ортобуздагы келишим. Экинчиден, кимибиз чыгабыз? Ага 18-ноябрга чейин өтө көп убакыт бар. Ким президент болорун эл менен Кудай чечет. Акчасын чачса да элдин дилине салган, Алла Таала каалаган адам болот. Ошондуктан биз үчөөбүздү ажыратам деп убара болбой эле койгула. Учуру келгенде элге чечимибизди айтабыз. Ал эми бизди “уруштурам, талаштырам” деген куру бекер аракетти кылбай эле коюшсун деген чакырыкты айтам. Алар кимдер экендиги көрүнүп, билинип эле турат. Кыңыр иш кырк эмес, төрт күндө эле билинип калууда. Керек болсо өздөрү келип айтып коюшат, кимдер жаздырып айткандыгын. Мына “Багыт” деген сайт, газета. Дагы бир балээ дегени бар. Аларга ким буюртма бергендигин өздөрү айтып коёт. Кудайдан корккула.

 

- Үчөөңүздөргө азыркы “президент болом” деп ачык айткандардын кимиси атаандаш болот деп ойлойсуз?

 

- Эми президенттикке чыккандардын баардыгы эле татыктуу атаандаш. Ошол атаандаштар бири-бири менен маданияттуу, мыйзамдын чегинде  күрөш алпарса. Бүгүн угуп атам, бирөөлөрү кырк жигит түзүп, кырк жигитке бирден ат мингизип, ар бирине бир миң доллардан акча берет, экинчиси бир фонд түзүп, паспорту менен мүчө кылып киргизип атат деп угуп жатам. Адам ар түрдүү айланы ойлоп табат. Бирок президенттик шайлоону акча чечпеш керек. Президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди эл өзү тандап алышы зарыл. Макул, парламенттик шайлоодо акча аралашып кетип жатат. Он партия катышканда деле ар биринен 120дан талапкер чыгып, 1200 талапкер болсун. Ар бири өз аракетин кылат. Президенттик шайлоодо бир эле адам тандалат, ашып кетсе 3-4 талапкердин ортосунда күрөш жүрөт. Талапкер канча акча коротсо, эртең ошол акчасын ордуна коём деп, өзүнүн чөнтөгүнө иштейт. Россия, Казакстан, Өзбекстанда олигархтардын президенттик шайлоого катышкандыгын уктуңуз беле? Алар өз ишин кылсын.

 

- Бирок Сиз чындап эле президенттик шайлоо адилет өтөт деп ишенесизби?

 

- Шайлоо адилеттүү өтпөсө, эл көчөгө чыгып кетет. Азыр алды эмне болуп атканын баарыбыз көрүп турабыз.

 

- Азыркы президент “мураскеримди эл кааласа да, каалабаса да өткөрөм” дегендей аракети бар экенин айткандар да бар?

 

- Мен азыр “мураскеримди кааласаңар да, каалабасаңар да өткөрөм” деген билдирүүнү окуй элекмин. Бирок бийлик мураскер чыгарышы табигый көрүнүш. Эми аны эл колдойбу, жокпу, ал башка маселе.

 

- 17-мартта Аксы окуясынын 15 жылдыгы белгиленди. Ошол тууралуу да бир аз айтып өтсөңүз. Эл Сизди да күткөн экен, бирок бара албай калган экенсиз. Аксы окуясына кандай баа бересиз?

 

- Аксы окуясына быйыл 15 жыл болду. Демек, мамлекетибиздин тарыхындагы кара такты жыл сайын эскеребиз. Анда шейит кеткендердин туугандарына материалдык жардам берүү жөнөкөй гана жол. Ал негизги болбош керек. Негизгиси, жыл сайын эскергенде жаш муундагылар, саясатчылар, бийликтегилер үчүн сабак болуш керек. Тарыхыбызда мындай каргашалар болбош үчүн жыл сайын эскерип, баарыбызга сабак болуш керек.

 

- Азыр жер-жерлерде ар кандай майда митингдер болууда. Бул көрүнүш акырындап отуруп президенттин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишине алып келбейби? Сизде андай сезим жокпу?

 

- Мен көзү ачыктык кылбай эле коёюн, 2010-жылы 7-апрелде бир-эки күндө ушундай болуп кетет деп эч ким ойлогон эмес. Мен анда кызматта элем, күнүмдүк пландар менен жүргөнмүн. Ошондуктан, “элдин колунан эч нерсе келбейт”- деп ойлогон туура эмес. Бүгүн да телевизордон кээ бирөөлөр ар кандай сөздөрдү айтышууда. Кайра эле өткөн учур кайталанууда. Андан көрө анын алдын алып, чара көрүш керек, көйгөйлөрдү чечиш зарыл. Мен эч качан революция болушун калабаймын. Анда дагы бир топ жыл артка кетебиз. Ачка жашап жатабыз деген менен мындан кыйын учурларды баштан өткөрүп, жарты наныбыз болсо да башкалар менен бөлүшкөнбүз. Мындан кыйын, Улуу Ата Мекендик согушту баштан өткөргөнбүз. Элге болгону адилеттик болсо, өзүн-өзү багып кетет.

 

- Маегибиздин соңунда элге кандай кайрылууңуз бар?

 

- Бүгүн, 24-март майрам күн десек болот. Себеби мыйзамда ошондой. Бирок ошондо бийликти туура эмес алмаштырдыкпы деген да ой болууда. Биз эч качан революциялык эмес, цивилизациялуу жол менен шайлоо өткөрсөк. Мен адилеттүүлүктү гана талап кылам. Ошону тилеймин. Качан адилеттүүлүккө жетсек, баары жакшы болот. Элибизде жакшылык, мамлекетибизде аманчылык болсун. Бөөдө кырсыктан Кудай сактасын. Террорчулук деген балакеттен сыртта бололу. 2010-жылы июнь окуясында канча бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылды. Турмуш эч качан токтоп калбайт, өтө берет. Бүгүн кыйналып атсак, эртең жакшы турмушка жетебиз деп ишенем. Кыйшык түздөлүп, жок толот, молчулук болот. Ошон үчүн элибизге жакшылык гана каалаймын.

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

Бишкек, 24.03.2017-жыл.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити