Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков камакка алынган Садыр Жапаровдун капысынан эле «улуттук лидерге» айланганына таңданды.

 

«Саясат деген ар кандай, түлкү кууган тайгандай» демекчи, саясат тууралуу саймедирейин. Садыр Жапаров менен тааныштыгым да, таарынычым да жок. Бирок, анын таржымалын жакшы билем. 2012-жылдын октябрында, «Кумтөр элдики» деген ураан менен Акүйдүн алдында митинг болуп, ал бийликке чабуул жасоо менен аяктаган. Анын артында Садыр Жапаров турган. Андан көп өтпөй, «Кумтөрдүн» жолун эл тороп, компаниянын ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учураткан. Анын айынан мамлекетке миллиондогон чыгым келген. Анын артында да Садыр Жапаров турганы белгилүү болгон. Дагы бир окуя – эл менен милиция кагылышып, анын айынан сегиз адам камалып, Кашкар Жунушалиев баш болгон бир милициялар жараат алышкан. Анын артында да Садыр Жапаров турганын Эмилбек Каптагаев айтып берди. Эми, УКМКга анын адамдары чабуул жасашты. Төрт жолу мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген адамды «улуттук лидер» деп атадык», - деди Момобеков.

 

Ал ошондой эле элде милиция кызматкерлерине нааразычылык пайда болуп атканын айтып, мамлекетке жасалган чабуулга бөгөт коюу милиция кызматкерлеринин милдети экенин баса белгиледи.

 

«Башка жерде митинге чыккандарды кемпир-чал дебей сабап атышат. А биздин милициялар дагы гумандуулук кылышты», - деп кошумчалады.

 

 «Саясат. kg»