Бүгүн кеп кыла турган адамыбыз - КСДП партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаков.

 

Укук коргоочу Качкын Булатовдун иликтөөсүнө таянсак, Музафар Исаков Сузак районун Таш Булак айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатып, ошол акчанын аркасы менен КСДПдан депутаттыкка аттанган экен. Бул иш тууралуу тергөө ишин жүргүзүүнү суранган Анарбай Орозовду ар кандай мыйзамсыз жолдор менен оозун жап кылышкан. Бийлик анчалык коргоого алгыдай Музафар Исаков ким эле?

 

Укук коргоочу Анарбай Орозовдун Музафар Исаковдун  мыйзамсыз иштери тууралуу жазган макаласы гезитке жарык көрөөрү менен ал президенттен кол саат сыйлык алган. Кадыржан Батыровдун командасын толуктаган бул адамдын иштери тууралуу бийлик билгиси келбегени менен Сузактын эли баарын көрүп-билип турушат. Анын ким экендигин да жакшы билишет. 12 гектар жерди ар 5 сотыхын 5-10 миң доллардан сатып, мыйзамды көзүнө илбеген  жоон моюн депутат Жалал-Абад областынын ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлүн өкүл эне кылып, госрегистрдин мурунку начальнигин дос кылып, башкы прокурордун орун басарын “крыша” кылуу  менен бул иштерди аткарып жүргөн адам депутат болууга, президенттен сыйлык алууга татыктуубу?

 

Кечээги сепаратист Кадыржан Батыровдун соратниги, бүгүнкү депутат Музафар Исаковдун кылмыштуу иштери аны менен эле чектелбейт экен. Улут аралык мамилелерди курчутуп, өзбек улутундагы адамдарды топтоп, “кыргыздарга бийлик бербейбиз” деген ураан менен иш алып барган деген маалымат бар. Кыскасы, бул маалыматтар кыргыздарга тарап кетип, кыжырданууну жараткан.

 

Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары бийликтен мамлекеттин бүтүндүгүн сактоону, сепаратисттерге жол ачпоону, бийликти бир тараптуу башкарбоону жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылат. 2010-жылдын жарааты али айыга элек. Ошон үчүн мындай адамдарга астейдил мамиле кылып, зоболосун көтөргөндөн мурун мурдагы жасап жүргөн иштерин эске алсак жакшы болот эле. Урматтуу президент, чындап эле коррупция менен күрөшүүнү максат кылсак,  тазалоону өзүңүздүн партияңыздан да баштасаңыз жакшы болот эле.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж