- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер:

 

- Айрым учурда элдин эс тутуму кыска экенин байкоого болот. А.Акаевдин учурунда деле мындан ашкан камоолор болгон. Кийин К.Бакиев да андан ашып каматып, ал түгүл жок кылууларга чейин барганы эстен чыгып кетти. Маселе, кимдир бирөлөрдү каматканда эмес. Маселе бийликтин өткөндөрдөн сабак албагандыгында. Мамлекеттик башкаруу системабыз А.Акаев учурундагыдай эле кала бергендигинде. Соттор мындан 20-25 жыл мурдагыдай эле бийликке көз каранды болууда. Мамлекеттик башкаруу системабызды өзгөртүп, жаңы жолго салмайын ушундай чуру-чуу улана берет. Мамлекет туруктуу өнүгүп, каршылыш күчтөрдүн мыйзамдуу жол менен талаштарын чечип алууга шарт түзүүчү жалгыз жол мамлекеттик башкаруу системасына Элдик Курултай иниститутун ишке киргизүү болмокчу. Мындан башка жол жок. Акыры ошого барабыз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж