- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу? 

 

Адиль Турдукулов, активист: 

 

- Биринчиден, Садыр Жапаров саясый туткун экенин баарыбыз таанып билишибиз керек. Анткени, ал саясый негизде, бийликти, өзгөчө абдан курч сөз, далилдер менен сындаганы үчүн кугуунтукталып, акырында камалды. Ал эми ошол мыйзамсыздыка чыдабай, колдоп келген элди жана анын жакын туугандарын уур-токмоко алып кармаганы бийликтин аша чаап, күч колдонгонун билгизет. Муну  бийлик эл нааразычылык акцияларга чыкпагандай кылып, коркутуу амалы бар. Муну көрүп тымпыйып отурган парламент дагы жараксыз, элдин кызыкчылыгын актабаган орган болуп калганын билгизет. Андай парламент бизге кереги жок.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж