- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

 

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук фондунун жетекчиси: 

 

- Бийлик өтө аша чаап жатат. Садыр Жапаровду камагандан кийин бир тууганын, келинин, балдарынын камабай деле койсо болмок. Анткени, алардын эч кандай күнөөсү жок, аларды кошо жазалоо мыйзамда жок.  Бул күн дагы өтөт. Мындай мыкаачылык кылгандарга дагы Кудайдын айткандары бар. Бул дүйнө убактылуу. Аркы дүйнөдө ким кандай мыкаачылык кылса бейкүнөө элдерге салган азабын жалгыз өзү тартат. Ал жерде милиция жок, УКМК жок. Ошон үчүн эдиреңдей бербей акыретти да ойлой жүрүш керек. Кыскасы, жогору жактагылар акыркы мезгилде акылга сыйбаган иштерди жасап, өтө пас деңгээлге түшүп жатышат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж