- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

 

Айбек Бусурманкулов, активист: 

 

- Буга чейинки бийликтерде бир үйдөн 7 адамды камап коёт деген болгон эмес. Бийлик бу сапар өтө аша чаап кетти.  Мындай күч колдонуу ыкмасы жакшылыкка алып келбейт. Муну менен бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Азыр саясый куугунтуктар күч алды. Бийликтегилер өзүнө жакпаган, ага каршы ой айткандардын баарын камап, сотко берип, айып пулга жыгуу күчөй баштады. Ошол себептен бийликтин адилетсиз саясатына каршы, баардык саясый күчтөрдү биригүүгө чакырам.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж