- Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

 

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

 

- Мыйзамдуу мамлекетте баарынан бийик, баалуу нерсе - адам укугу болуп саналат. Албетте, ар бир жаран өз өлкөсүнүн мыйзамдарынын чегинен чыкпай жашоосун, эгер бузса, жооп беришин да унутпашы керек. Маселе Садыр Жапаров боюнча болуп жаткандан кийин, түз суроого түз жооп берсем: мыйзам боюнча бир туугандын кыймыл-аракетине бир тууганы, балдары атасына жооп бербеши керек. Үй-бүлөсүн, ата-эне, бир туугандарын камашы, албетте, аша чапкандык. Качандыр бир кезде жооп берип калыш, келме кезек дегендей жашоо мыйзамдарын да унутпаш керек. Өткөндөн сабак алып жашоого, ар бир кадамга жооп берип калышты унутпаш керек эле, күч органдары.

Мен да эне катары, эне жүрөгү сыздап турган жаран катары айтаар элем, жаш балдарды ур - тепкиге алганды токтоткула, бошоткула, Ички иштер министри Улан Исраилов!!!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж