Бүгүнкү парламентте, болгондо да бийликтин КСДП фракциясынын Ирина Карамушкина деген депутаты бар экендигин Кыргызстандын кара мышыгы деле билсе керек. Анткени бул катын мамлекет менен элге кылган кызматы же мыйзам жазганы эмес, бир кезде үйүнө 70 эркекти “прописка” кылгандыгы, кийин ишенген кожосунун колдоосу менен депутат болгон соң Кыргызстандын гимни ойнолсо, ордунан турбай койгондугу, кыргыз калпагын “мончого кийүүчү баш кийим” деген ээнооздугу, мусулмандарга каршы чыккан жана башка иши кылып кыргыздарды келекелеп, шылдаган жүрүш-турушу менен таанылып келатат. Көрсө, анын ушуну менен эле бизди жек көрүү сезими чектелип калбаптыр. Анткени жакында, 25-мартта спикер Ч.Турсунбеков баштаган жоон топ депутаттар Санкт-Петербург шаарында кыргыз-орус парламент аралык жолугушуусуна барып, депутат куруп калгансып, ушул “патриотту” да алып алган экен. Эки мамлекеттин ортосундагы маанилүү маселелер козголо турган жыйында да И.Карамушкина: “Мени Кыргызстанда шовинистсиң деп куугунтуктап жатышат” таризинде даттанып, ошондой эле: “Мени Кремлдин шпиону деп жатышат жана мени 120 депутаттын бирѳѳсү да колдобойт”- деп, кыргыз элин жана кыргыз парламентин шылдыңдап сүйлөптүр. Эми ал этика, маданиятты билбеген мындай “балп” этмени кимден үйрөндү болду экен? Буга КСДП эмне чара көрөт?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №11 (289), 29.03.2017-ж