“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов жана А.Салянова Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн биргелешкен доо арыз жазып, кайрылышты.

 

Доо арыз берүүгө Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Сегизбаев тарабынан “Белиз-гейт” боюнча такталбаган маалыматтарды таркатылганы негиз болгон. Бул маалыматтар ММКга президенттик аппарат тарабынан жайылтылганына эске алуу менен, андагы басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөновду да жоопкерчиликке тартууну чечишкен.

 

Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым үчүн соттон акча өндүрүп берүү талабын коюудан баш тарткан. Бирок Өмүрбек Текебаев өзүн келтирилген моралдык чыгымды 60 млн. сомго баалаган.

 

Эгерде сот Текебаевдин талабын канаатандырса, ал бул акчаны “Азаттык” радиосу, “Заноза” сайтын, журналист Нарын Айыпты жана “Ата Мекен” партиясынын юристтерин колдоого жумшайт. Эске салск, буларга карата Башпрокуратура президент А.Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деп, миллиондогон доолор менен сотко кайрылган.

 

Мындан тышкары, “Ата Мекендин” юристтери Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновдун мүлктөрүн камакка алуу өтүнүчүн келтирет.