Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевке

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

 

сизге ачык жана түз кайрылууну туура чечтим. Анткени, сиз апрель-июнь окуяларынан кийин мамлекеттүүлүккө катуу доо кеткенин, өлкөбүздө бардык, саясий, экономикалык жана социалдык маселелер он жылдап чечиле турган туңгуюкка кептелгенин билип туруп, ошого карабастан республиканын жүгүн, элдин тагдырын өз колуңузга алдыңыз эле. Ачык айтыш керек, кандуу окуялардан кийин, мындай чечкиндүүлүккө баруунун өзү, бир чети чоң эрдик, экинчи чети чоң жоопкерчилик, о.э. аягында алкыш ала турган кадам эмес экенин билсеңиз да, кудай тарабынан Сизге тапшырылган жүктү көтөрүп келе жатасыз. Ошол жылдары Сиз үчүн, негизги маселе мамлекеттүүлүктү сактап калыш керек эле. Мен ошол жылдардагы саясаттын күбөсү, сиздин замандашыңыз, саясатчы катары объективдүү айтайын, көптөгөн саясатчылар, керек болсо УӨ айрым мүчөлөрү дагы Сизге жардам бергендин ордуна, “кана, көрөлүчү мамлекеттүүлүктү сактап кала алат бекен”,--деген сын көз караш менен кайдыгер карап турушкан. Албетте, биринчи ирет биз элге рахмат айтышыбыз керек, баарына чыдап сизге, бизге ишеним арткан жана мамлекеттүүлүктү сактап калган. Бирок Сиздин, Өткөөл мезгилдин президенти катары Р.Отунбаеванын, ЖК төрагасы А.Келдибековтун, парламенттин, өкмөттүн эмгектери эбегейсиз. Акыйкаттык үчүн, мен бул чындыкты бүгүн айтып коёюн. Ошондой кооптуу жылдарды баштан өткөздүк, элибиз жана Сиз менен бирге. Ийгиликтер да болду, ошону менен бирге чечилбеген көптөгөн маселелер топтолуп калды. Тынчтык, эл арасында ынтымак болсо, ал маселелер да чечилээр.

 

Бирок, тилекке каршы, кийинки мезгилде болуп жаткан саясий кырдаал баарыбызды ойго салып жатат. Кандай жоготуулар, кан төгүүлөр, татаал жолдор менен сактап калган мамлекетибиздеги тынчтыкты, күчтүү саясатчыларды камакка алууда күч органдары одоно мыйзам бузууга барып жатканы жоготуу коркунучуна алып келди. Ө.Текебаевти, С.Жапаровту чакыруу барагы менен эле күтүп алышса туура болмок. Мындан ары, мындай мыйзам бузууларга жол берилбеши зарыл. О.э. митингте элге күч колдонуу көздүн карегиндей сактап келе жаткан тынчтыгыбызды бузууга түрткү берип жатканы ачуу чындык.

 

Ал эми С.Жапаровтун жаш балдарын, көптөгөн атуулдардын ур-токмокко алынышы - бул чектен чыккандык. Бир үй-бүлөдөн бешоону камоо, мен ойлойм аша чапкандык. Ушул акылга сыйбаган көрүнүштөргө биринчи иретте азыркы учурда Сиз катуу кайгырып жатсаңыз керек. Чындыкты айтсам, элиңиз катуу кайгырып жатат... Себеби, сиз боорукерсиз, бул сөздү мен үчүнчү жолу айтышым. Канчалаган бей-бечараларга, биздин эле фонддогу оорукчан балдарга жардам бергениңизди алар эч качан унутпайт. Ошондой оор жылдарды башыңыздан өткөрүп, элибизге түйшүк алып келбестен, мыйзам жолунда бийликти өткөрүп берүүнү көздөп жатасыз. Анда, сиз тандаган жол менен баралы, мен бүт саясатчыларды чакырып кетет элем, “өч алуу айлампасына” өлкөбүздү дуушар кылбай, келгиле, баарыбыз мамлекеттин, элдин тагдырын ойлойлу.

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, кайрылуумун себептери ушулар, бирок суранычым - Садыр Жапаровтун 2 баласына, 2 инисине эркиндик бериңиздер. Убагында бийликтин куугунтугунун запкысын Сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү коргон. Сиздин бийлигиңиздин учурунда мындай көрүнүш кайталанбаш керек... Элиңизге кылган эмгектериңизди, “бөрк ал десе - баш алгандар” сел келгендей жууп коюсуна жол бербеңиз. Балада эмне күнөө, баарыбыз бала деп жашап келебиз, бала гана бардык кыйынчылыктарды жеңүүдөгү негизги күчтү түзөт. Ошондуктан баарына чыдаса да, бир дагы

ата-эне баласына келгенде чыдашы кыйын... Ошондуктан эч ким Курманжан Даткадай боло албайт...

 

Сизди урматтоо менен,

Курманжан Датка фондунун түзүүчүсү,

“Аалам” саясий партиясынын тең-төрагасы Жылдызкан Жолдошова