Эске салсак, “Азия news” гезити:Ахматбек Келдибеков өзүнүн шансы жок экенине ынанып, Темикени бел тутуу менен аламанда сүрөмөкчү болууда. Азырынча ушундай, а жакынкы күндөрү Келдибеков баштаган штабы “Акшумкарга” баш калкалаганы турганын ишенимдүү өздүк булактар билдиришти”- деп жазган.


А.Келдибековдун айтымында, аталган гезиттин редактору Асланбек Сартбаев буга чейин: “Мен жаман жазбаймын, мындан ары чындыкты жазам”,- деп кечирим сураган. “Ага мен ини катары көп эле жолу айтканмын, “Сурооң болсо өзүмө түз чалсаң, жооп берем”,- деп. Жана эле айтпадымбы, отуруп алып эле түшүнө эмне киргенин же оюна келгенин жаза берген оюнчук эмес да. Мен соттошконду жакшы көрбөймүн. Ким ал жигит, өзү ким? Ошон үчүн мен айткым келет, эгерде мындан ары да газетага жаза берсе, “боло берет экен” десе, сот алдында жооп берсин. Ойлоп тапкан нерсесин сотто далилдеп берсин. Дагы бир жолу кайталаса, сотко берем. Буларды материалдык жактан жазалабаса, адамкерчилик сапатты түшүнбөйт экен. Андыктан айла жок соттошууга туура келет. Ага теңелгим деле келбейт. Бирок калп жазгандын да чеги болот да”.

 

Бүгүнкү күндө бир топ оппозициялык сайттар, журналисттерге президент тарабынан миллиондогон сом доолор коюлуп жатканы тууралуу да А.Келдибеков өз оюн билдирди:Сөз эркиндиги дайыма болуш керек. Ошондуктан кыргызда бекер айтпайт, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”,- деп. Бирок сөз эркиндиги, демократия деп эле каалагандай сүйлөй берген болбойт. Адамдын жеке өзүнө, инсандык касиетине сөз тийгизбеш керек. Эмне үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттик эмес прессаларга чабуул башталды. Эмнеге алар ошол эркиндикти туура эмес пайдаланды? Каалаганын жаза баштады, кемсинтип жазганга өттү? Себеби бул баардык балээ КТРКдан, “5-каналдан” башталган. Бул маалымат каражаттары бирөөнү караласа, анын чындыгы 10 эле пайыз, калганы 90 пайыз калп болуп чыгат. “А биз булардан кембизби?”- деп башкалар да баштады. Баардыгына бирдей мамиле болуш керек. Мисалы, мени КТРК менен “5-канал” кандай каралагандыгы боюнча бүгүнкү күндө соттошуп жүрөм. Сот улам кийинкиге жылдырып келатат. Буга бирок эч ким маани деле берген жок. Эми президенттин сотко берип жатканынын себеби, жеке инсандык касиетине улам тийише бергендиктен, чыдап, чыдап отуруп, акыры чыдамы түгөнгөндө сотко берип жатат. Бирок баардыгына бирдей мамиле болуш керек эле. Демек, менин жеке инсандык сапатыма шек келтирген КТРК менен “5-канал” да коюлган доону төлөп берсин. Бир эле мен эмес, Сиз же башка жөнөкөй жарандын аброюна шек келтиргендүгү үчүн КТРК, “5-канал” жана ЭлТРлер “Азаттык” менен Zanoza сыяктуу жооп беришсин. Алар да доо арызды төлөп, банк эсеби камакка алынып, жетекчилери жоопко тартылсын. Кыргыз үчүн эң ыйык нерсе бул – адилеттүүлүк. Эгер бирөө адилет соттолуп, жазага тартылса, ал эч качан жаман сөз айтпайт. Бирок азыр адилетсиздик болуп жатпайбы”.